ТҮРМӨ БУНТЧУЛАРЫНА КОШУМЧА МӨӨНӨТ

Кышында абактарда болуп өткөн баш аламандык, айрыкча оозун тигип алган, кийимдери канга чыланган окуялар көбүнүн эсинен чыга электир. 10-май күнү №1-СИЗОдогу бунттун 11 катышуучусунун үстүнөн сот иши башталып, ал жабык режимде өттү. Алардын катарында баш аламандык уюштуруунун демилгечиси, түрмөдө отургандардын “смотрящийи” Дамир Сапарбеков да бар. Эми абактагылардын 5 жылга чейинки кошумча мөөнөт алышы күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 16-январда №1-СИЗОдо бунт башталып, аны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын кызматы тартипке келтирген. Кагылышууда түрмөдө отурган 160 адам менен 4 кызматкер жаракат алышкан. Жабык мекеменин 3-кабатында өрт да чыккан. Айтмакчы, окуянын келип чыгышына Дамир Сапарбековдун башка СИЗОго которулушу себеп болгон дешет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 497, 11-май-17-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан