Акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн жылдык жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 16 миңге чейин кыздарды ала качышары айтылды. Акыйкатчынын аппараты бул көрсөткүч 8 миңдин тегерегин түзөрүн билдирди. “Ала качууга кабылган кыздардын жарымынан көбү кийин ажырашып кетишүүдө”,- деди Турсунбек мырза.
Акыйкатчынын отчёту канааттандырбай, айрым депутаттар Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн эрте кызматтан алууну талап кылышты. Буга спикер Асылбек Жээнбеков да кошулуп, акыйкатчынын жылдык докладын кээ бир депутаттар канааттандырарлык эмес деп табышты. Турсунбек Акунду кызматынан бошотуу үчүн парламентте комиссия түзүлмөкчү болду.