“Элдин баары эле тасма тартып жатыптыр го, биз да “туяк калтырып” кетели да” деп тасма жаатында өздөрүн сынап көрүүнү чечкен атактуулардын катарын шоумен Бакыт Байсариев менен ырчы Замир Арыкбаев толукташат экен. Алар күзүндө элге эки тасма тартуулоону пландап жатышат. Бирөөсү комедия болсо, экинчиси чыныгы жашоодон алынган тагдырды чагылдырып берген тасма болот. Бул иште Замир менен Бакыт режиссёрдун, продюсердин ролун аткарып, башкы ролду да өздөрү жаратышмакчы. Кино боюнча билими болбогон эки жылдыздан кандай тасма жаралар экен, күтөбүз.