Каныкей Түркияда өтүүчү Жаштар жана спорт күнүнө арналган фестивалга катышат. Фестиваль 19-майда Анкара шаарында өтөт экен. Ушундан улам “акыркы күндөрү эмнеге эле Түркияга байма-бай каттап калдың? Түрк жигиттеринин бирин сүйүп калган окшойсуң?..” деп өзүнө да кайрылдык. Ал күлүп, “түрктөргө менин ырдоо стилим жагып калган го” деп жооп берди. Баса, Каныкей Түркиядан келери менен 20-майдан баштап Ысык-Көл, Нарын, Таласка гастролго чыгарын билдирди.