“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен белгилүү тележурналист Гүлжан Кулманбетова уулдуу болушту. Элдин көңүл борборундагы бул үй-бүлөнүн куту Гүлжан Кулманбетова 30-апрелде кечки саат 11де көз жарган. Наристе 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлүп, учурда эне-баланын абалы жакшы. Уулдуу болгонуна маңдайы жарыла кубанган атасы ымыркайга Алихан деген ысым ыйгарыптыр. Эскерте кетсек, Алихан бул үй-бүлөнүн төртүнчү баласы, эки кыз, бир уулдан кийинки көкүрөк күчүгү болду. Наристенин бешик боосу бек болсун!