Чыңгыз Мырзаев сахнага чыкты, кинодон өзүн сынап көрдү, радиодо ди-джей болуп көптөн бери эмгектенүүдө, анан калса тамадалыкты да катырат. Куйкум сөздүү Чыкеге бул да аздык кылган көрүнөт, эми телеалпаруучулукка оой баштаптыр. Эми 5-каналдын “Таңкы бешинчи” телеберүүсүн алпарып, радиодон эмес, көгүлтүр экрандан таңкы маанайды тартуулоону чечкен экен. “Адам ар тараптуу болуш керек. Мен ди-джейликти такыр таштап салган жокмун. Мүмкүнчүлүк болсо, экөөнү тең бир алып кеткенге аракеттенем”,- дейт Чыңгыз.