Азыр өспүрүмдөргө “чоңойгондо ким болосуң?” деген суроо берсең, “Атай Өмүрзаковдой бийчи болом“ деп айтышары турган иш. Атай да сиздей, биздей жөнөкөй мектепте окуган жигит болгон. Анда Атай сахнага чейин...
АТАЙ-БӨБӨК
Ар бир жеңишинде Атай апасы тууралуу айтып келет. Атайдай уулду чоңойтуп, сыймыктануу бактысы ар бир энеге эле буюрбаса керек. Кеңсебизге келген Бактыгүл эже бизди жөнөкөйлүгү менен таң калтырды. Атайдын апасынын айтымында, бир мүнөз, айтканын бербеген балакай апасына жана агасына бир топ эле түйшүк жаратыптыр.
– Атай деген ысымды өзүм койгом. Бардык эле ата-энеге балдарынын кичүүсү жакшы көрүнөт болуш керек. Тун уулума караганда Атай жүрөгүмө жакын, мүнөзү да мага көбүрөөк окшош. 2-3 жашында абдан тентек эле. Үйдө жаңы бир буюм пайда болсо, сөзсүз кармалап, чукулап, бир нерсенин ичинен чыгып эле басып жүрчү. Эч нерседен коркчу эмес. Агасы Бакыт 9 жашка улуу болсо да ага атаандашып, ал эмне кылса ошону кылып, тырыша берчү. Кошуналардын балдары Атайды күтүп, качан гана Атай үйдөн чыкканда оюн башталар эле.
Ушуга чейин башкалардын ою менен болгонду жактырбайт. Мен эне катары уулум менен сыймыктанам, бирок анын жеңишинин, ийгилигинин аркасында агасы Бакыт турганын да айта кетпесем болбостур. Атанын тарбиясын албады деген өкүнүч менде жок. Анткени Бакыттын инисин катуу кармаганынын, мыкты тарбиясынын аркасында Атай көп жеңиштерге жетишти.
«БИЗДИН АТАЙ...»
Баладан тартып чоңдорго чейин таң калтырган Атайдын бийи тууралуу агасы Бакыт маегинде белгилеп өттү:
– Мен студент кезимде бийлеп жүрдүм. Кээде Атайдын мени туурап бийлеп жатканын көрүп калчумун. Баарыбыз уктап калганда анын уктабай, түнү менен күзгүгө каранып алып бийлеп жатканын көрүп “укта” деп урушкан күндөрүм болгон. Атайдын бийге болгон кызыгуусу менден улам пайда болгону менен, бийлегени мага такыр окшошпойт. Сабагынан жетишпей калабы деп алгач бийлөөсүнө каршы болдук. Сынактарга 9-классында катыша баштаган. Анын “Даңк мүнөтүндөгү” жеңиши элден мурун биринчи бизди таң калтырды. Апам экөөбүз сыналгыдан көзүбүздү албай отуруп, калыстар Атайдын жеңгенин айтышканда апам тура калып ыйлап жиберди. Өзү Москвадан бир аздан кийин байланышты. Телефондогу алгачкы сөзү “мен жеңдим, максатыма жеттим!” дегени болду. Биздин Атай ушундай жигит...
АТАЙ-ОКУУЧУ
Шок балакай кандай окуучу болгон? Бул жөнүндө Атай окуган Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектептеги класс жетекчиси Наталья Карташова айтып берди:
– Атай алгач мектепке киргенде орус тилин жакшы билчү эмес. Орусча билбеген сөзүн кыргызча айтып кутулуп кете турган. Мен аны патриот жигит деп билем. Тентектиги болгону менен, улуу адамдын айтканын эки кылып көргөн эмес. Көп учурда мурду-башы жарылып келер эле. “Эмне болду?” дегенимде “тигини бирөө сабап коюптур, болуштум” дечү. Тентектигин боорукер, жароокер мүнөзү жууп кетчү.
Айзат Анарбекова
koom@super.kg