Жакындан эле тааныган адамдарыңдын илгери үмүт менен чет өлкөгө кетип, кайра үмүт-тилегин таш каап кайтып келгендерин көрүп зээниң кейийт. Аман- эсен кайтып келгендин өзү жеңиш дечи, бирок андай болбой калган учурлар да аз эмес. Бүгүн мигранттардын тагдыры туурасында алыскы АКШнын Нью-Йорк шаарында 14 жылдан бери эмгектенип келаткан Жаныш Төлөгөнов айтып берет. Жаныш мырза менен интернет аркылуу байланышып, төмөндөгүдөй баян уктук.
«КЕЛГЕНИМЕ БИР ЖЫЛ БОЛДУ ДЕП АЛДАГАМ»
– Биринчи жолу мен Америкага 1997-жылы келгем. Бишкектен чыгарда ТИМге чалып, Америкадагы белгилүү журналист Азамат Алтайдын телефон номерин алгам. Аным жакшы болуптур, аэропорттон түшкөндө эле эмне кыларымды билбей калдым. Тил жаатында алган билимим ал жакта эч нерсеге жарабады. Багыма бир таксист табылып, анын жардамы менен Азамат Алтайга чалдым. Телефонду алып, “аа, келдиңби, Бруклин деген районго барсаң, ошол жактан туугандарыңды табасың. Анда орус тилдүүлөр көп” деп койду. Баягы таксист мени керектүү жерге жеткирип, батир да таап берди. Ошентип, үч ай араң чыдадым. Үч айдан кийин Кыргызстанга келе бергем.
Спорт мектепти аяктагандыктан, бул жаатта активдүү элем. Күрөш боюнча спорттун чебери болууга жетишип, машыктыруучу болуп иштеп жүрдүм. Кийин өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча Эл аралык мелдеш Американын Нью-Йорк шаарында өтмөй болуп, балдардын машыктыруучусу катарында келдим да, ошол бойдон калып калдым. Үч айдан кийин визамдын мөөнөтү аяктап, документсиз калдым десем болот. Ошондогу кыйынчылыктар эстен кетпейт. Үч ай өткүчө жумуш да таба элек элем. Ал кезде жумушсуздук азыркыдай күчүндө эмес болгону менен, документиң болбогон соң сени менен эч ким сүйлөшкүсү келбейт. “Америкага келгениме үч ай болду” десең, таптакыр эле карабайт. Акыры “келгениме бир жыл болду” деп алдап, зер буюмдарын жасаган чакан ишканага зергер болуп ишке орноштум. Бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Кудайга шүгүр, азыркы күнгө чейин ушул тармакта эмгектенем. Алгач жөнөкөй кызматкер болуп ишке орношсом, азыр "Graff Diamonds" деп аталган бул зергердик компаниянын коопсуздук кызматынын башчысымын. Кыйынчылыктардын артында жакшылыктардын да барын жашырып болбос. Анткен менен документимди АКШга келгениме 8 жыл болгондо гана колго алдым. Керектүү документтерди топтоп адвокатка тапшырганымда эле 5 жылдан кем эмес убакыт күтөрүмдү айткан.
«КЕМПИРДИ КӨТӨРҮП БАККАН КЫЗ»
– АКШга жылына Кыргызстандан 500дөн 1000ге чейин улан-кыздар келишсе, алардын көбү кайра мекенге кайтышат. Бирок калып калууну каалагандар да жок эмес. Бул жактагы кыргыздардын көбү кара жумушта иштегендер. Балдар курулушта, айдоочу болуп иштешсе, кыздарыбыз сатуучудан тартып балдарды жана кары-картаңдарды багуучу, үй жыйноочу болуп орношушат. Акча табуу деген оңой эмес да. Өткөндө бир кызыбыз белин кокустатып алыптыр. Эмне болгонун сурасам, бир кемпирди карап, аны көтөрчү экен, көрсө. Ооруканалап жүрүп араң айыкты. Өзү кипкичинекей кыз.
«БИР СТУДЕНТ ТОККО УРУНУП КАЗА БОЛГОН»
– «Чет өлкөдө жашоо жыргал» деген нерсеге ишенип алуунун кереги жок. Баары бир бөтөн эл, бөтөн жер. Алгач кыйынчылыктар баштан өтпөй койбойт. Азыр мурдагыдай эмес, бул жакта кыргыздар көп эле, бирок өздөрү тыңып алгандан кийин бирөөгө жардам берүүгө көңүл кош болуп калышат. Башкасын коё туралы, кыргыз кыргызды көргөндө качат. Анан кимге ишенебиз? Кырсык адамды тандап келбейт эмеспи, бул жакта кырсыкка учурап калган жердештерибиз да жок эмес. Бир-эки мисал келтире кеткеним туура болор.
Былтыр эле эки студент жумуш учурунда токко урунуп, бирөө каза болуп калды. Дагы бир 40 жаштан ашып калган байке алыс жолго жүк ташуучу машина айдачу. Ал дагы кырсыктап каза болду. Жубайы, 2 баласы кала беришти. Сөөгүн да ушул жактагы эле бейитке коюшту. Эми айта берсе мындайлар четтен чыгат.
«БАШКА УЛУТТУН ЖИГИТТЕРИ МЕНЕН ЖАШАП АЛЫШАТ»
– Америкага келген жаштарыбыз эң алгач эле эркиндиктин даамын татышат. Кыргызстанда ушунчалык эркин жүрдүм дегендер да боштондук деген башкача экенин бул жактан билишет. Эрки бош жаштарыбыз бул нерсеге туруштук бере алышпай, туура эмес жолго түшүп кетишүүдө. Айрым кыздарыбыз башка улуттун жигиттери менен жашап алышат. Биротоло жашап кетишсе да жакшы го, муну мен жөн гана турмушту бузуу деп айтат элем. Бир канча убакыттан кийин экөө эки башка жолго түшүшөт. Андай кызды кыргыздын жигиттери жактырышпасын билишсе керек. Албетте, түз жүрүп, жолунан адашпаган кыздар-балдарыбыз деле толтура. Жакшы иште иштеп, жакшы жүргөндөр деле бар. Бирок тилди жакшы билбеген адам бул жакта жашап кете албайт.
«БИР БӨЛМӨЛҮҮ ЭСКИ БАТИРГЕ АЙЫНА 1700 ДОЛЛАР ТӨЛӨНӨТ»
– Американын Чикаго штатына келгендердин көпчүлүгү таксист болуп иштешет. Таксисттердин саны боюнча биринчи орунда индустар, анан пакистандыктар, андан кийин эле кыргыздар турушат экен. Филадельфия менен Огайо штатындагылар көбүнчө курулушта эмгектенишет. Ал эми мен жашаган Нью-Йоркто кыргыздар жөндөмүнө жана талантына жараша ар түрдүү жумуштарда иштеп келишет. Бирок мында башка штаттарга салыштырмалуу жашоо кымбат. Мисалы, эң эле жөнөкөй району Бруклинде бир бөлмөлүү эски батирге
800 доллар төлөшсө, Манхэттенде 1200дөн 1700гө (79 050 сом) чейин сарпташат. Тамак-ашы да кымбат, башкасын коюп нанды эле айтканда, Бишкекте бир нан 12 сом болсо, бизде 1,5 доллар. Башкача айтканда, 70 сом турат. Чыгыш ашканасына кирип бир порция лагман жесең, 8 доллар (372 сом) коротосуң.
Кыскасы, урматтуу окурман, мекенди таштап алыска аттанып жатып, кыялдан тышкаркы чыныгы жашоонун бар экендигин унутпасаңыз деген эле ой. Чет өлкөдө жашоонун жыргалынан кууралы көп.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg