Бишкек-Нарын-Торугарт долбоорунун алкагындагы жумуштун жалпы көлөмүнүн дээрлик 40 пайызы аткарылып бүттү. Жергиликтүү тургундардын айтымында жолду реконструкциялоодо иштеген кытайлар өтө тездик менен улантышууда. Анын үстүнө туристтик сезон жакындаган сайын бургулоочу, жардыруучу, эски жолду бузуп-талкалоо иштери күчөтүлгөн темп менен жүрүп жатат.