Нарында 5-май күнү “Тамашоунун” филиалынын ачылышы болуп, анда 11 команда үч наам үчүн ат салышты. Оюндун жыйынтыгында “Эң мыкты тамашаны” “Кошой сity” командасы алса, “Эң мыкты оюнчу” наамына “Красавчики” командасынын 10 жаштагы оюнчусу Каниет жана “Эң мыкты команда” деген атка “5+1” командасы татыды. Мыкты командага белек катары 19-майда Бишкек шаарында өтчү Чемпиондор Лигасына Нарындын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгү берилди.