Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Жумабек Жунушалиев быйылкы жылдын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу аз болорун айтты. “Ага жаздын кеч келиши, кургакчылдык жана эгин талааларынын азайып кеткендиги себеп”,- деди ал. Адистердин божомолу боюнча, буудайдын баасы орточо 20 сомго чейин көтөрүлсө, арпа 13 сомдун тегерегине дейре асмандайт. Бул көрсөткүч дээрлик эки эсе кымбаттоону туюндурат.