– Айзирек, утушуң кут болсун! Сени редакция менен качан байланышат деп көпкө күттүк го...
– Чоң рахмат! Сиздер өзүңүздөр чалып куттуктабаганыңыздарда, жеңүүчү болгонумду билбей жүрө бермек экенмин. Угарым менен Бишкектеги эжеме телефон чалып, белегимди алып коюусун өтүндүм. Учурда чаң соргуч бизге мыкты кызмат кылууда. Негизинен, биздин аймакка «Супер-Инфо» аз гана санда келет. Эртерээк сатып албасаң, калбай калат. Мен ошол жумада шартыма байланыштуу гезит ала албай калып, жеңүүчү болгонумдан кабардар болбой калыптырмын.
– Гезитибиздеги кайсы рубрикалар сени тартат?
– Гезитти колума алганда алгач бир сыйра барактап, темасына карап макалаларды белгилеп алам. Ошол беттерди окуп алгандан кийин башкаларга өтөм. Акыркы убактарда гезиттен «Фотороман» рубрикасынын сейрек чыгышы, сериалдардын азайып баратканы байкалып жатат. Бизге, мектеп окуучуларына ылайыктуу макалалар көп жарыяланышын каалаар элем.