– Алина, утушка ээ болом деп ойлодуң беле?
– Оюн башталганда эле «биздин районго качан кезек келет болду экен?» деп чыдамсыздык менен күтүп жүргөн элем. Атам экөөлөп берилген суроолордун жоопторун таба салып, кат жөнөттүк. Атам Дүйшөналыны «Супер-Инфонун» фанаты десем болот. 2006-жылдан бери гезиттин бир да санын калтырбай окуп, гезиттеги ар кандай утуштарга катышып келет.
– Үйдө электр мешиң бар беле?
– Бул меш мен үчүн «Супер-Инфонун» баалуу, унутулгус белеги болду. 14-апрелде турмуш жолуна аттанган элем. Таякем сиздерден белекти алып келгенден кийин атам "сүйүктүү гезитиңден эстелик болсун" деп мешти мага берип жибериптир. Азырынча иштете элекмин. Жолдошум алыскы сапардан келсе, ага бул мешке даам жасап берейин деп чыдамсыздык менен күтүп жүрөм.
Дамира Арстанова
koom@super.kg