«СУПЕР-ИНФО» – ЖАШ АДИСТЕРДИ ТАПТАГАН УЯ

«Супер-Инфого» 10 жыл! Санаганга оңой болгону менен, иш жүзүндө эчендеген эскермелерди өзүнө камтыган убакыт экени талашсыз. Ушундан улам учурунда гезитибиздин өнүгүшүнө салым кошуп кеткен айрым кызматкерлерибизге «Супер-Инфодо» иштеген учуруңуз эмнеси менен эсиңизде калды?» деп суроо узатып, маек курдук.

Акылбек Мамадалиев: «ЖЕТЕКЧИБИЗ АЙЛЫГЫБЫЗДЫ КЕЧИКТИРБЕЙ БЕРЧҮ»
Акылбек – Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын кулуну.
«Супер-Инфого» 2002-жылдын аяк ченинде келип, жарым жылдай жооптуу редакторлук кызматты аркалаган. Учурда «НУР» гезитинин башкы редактору. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы.
– Алгач гезиттин 10 жылдык туулган күнү менен кызуу куттуктамакчымын. Атына заты жарашып, окурман журтун кубантып, жогорку деңгээлинен жазбай жарык көрө беришине ак дилден тилектешмин. Сөз кезеги келип турганда гезитти ушундай деңгээлге жеткирген жетекчи Кылычбек мырза тууралуу да айта кетпесем болбос. Ал – мыкты уюштургуч, ар маселеге так мамиле жасаган, заманбап жетекчи эле. Эсимде, айлык берген сайын "санап ал" деп айтчу. Бир жолу айлыгымды санабай туруп эле "толук экен" деп чыгып кеткем. Чыккандан кийин санасам, 20 сом жетпей калды. "Кенедей акча эмне болмок эле?" деп кайра кирген эмес элем. Баарына айлык берип бүткөндөн кийин Кылыч байке "менде 20 сом ашып калды. Кимисине кем берип коюптурмун?" деп Атыркүлдөн суратып жибериптир. Кайра киргенимде Кылыч байке "бирөөнүн эмгегин жеген болбойт. Бир сом болсо да бериш керек" деп 20 сомду колума карматкан. Көп эле адамдардан "жетекчибиз айлыгыбызды кечиктирип жатат, бербей койду" деген сөздөрдү угуп калам. Мен "Супер-Инфодо" жарым жылдай иштедим. Ал кезде гезиттин финансылык абалы начар болгондугуна карабай айлыгыбыздын бир да жолу кеч берилгенин көргөн эмесмин.
Кылыч байкенин ушундай сапаттарынан улам «Супер-Инфо» гезити бүгүнкү күндөгүдөй күчтүү даражага жеткени талашсыз маселе. Бир кезде Кылычбек Султановдон үйрөнгөн тажрыйбаларды колдонуу менен ушул кезде көптөгөн ийгиликтердин өтөсүнөн чыгып жатканымды танбайм.

Замира Рахманбердиева: «ЫРЧЫЛАРДАН ЖАМАН СӨЗДӨРДҮ ДА УКТУМ»
Замира Лейлек районунун Беш-Бала айылында төрөлгөн. 2007-2010-жылдар аралыгында «Супер-Инфодо» шоу-бизнес тармагы боюнча кабарчы болуп үзүрлүү иштеген. Учурда жолдошу Айбек экөө 1 кыз, 1 уулду тарбиялап-өстүрүшүүдө.
– «Супер-Инфодо» иштеп жүрүп эл менен байланыш түзгөндү үйрөнүп, көптөгөн тааныштарды күттүм. Мен көбүнчө ырчылар менен иштешип калдым. Алар тууралуу чындыкты жазып мактоо сөздөрдү да, жаман сөздөрдү да уккан күндөрүм болду. Бирок мен чындыкты жазгандан коркчу эмесмин. Анткени артымда мен ишенген жамаатым турчу. Тамашаны да, сынды да жазып жүрүп, ырчылардын көбүнүн жинине тийген окшойм. Кайсы жерге барбайын ырчылар менден тайсалдап турушчу. Бир жолу ырчылардын бири келип, Азиза эжеден «Замира Рахманбердиева деген ким?» деп сураптыр. Азиза эже да жөн турбастан «ал жаман, мүйүзү бар, сүзүп салат» деп тамашалап жооп бериптир.
«Супер-Инфодо» иштеген күндөрүмдү эстеген сайын Замир Мырзаны «Тамаша торго» салганым эсиме түшөт. Тамашага салып жатып аябай жинине тийип алдым көрүнөт. Бир убакта мени ашата сөгүп кирсе болобу?! Өзүм аны алдап жатканым биякта эле калды да, анын сөккөнүнө ызаланып ыйлап жатам. Кылыч байке өтүп баратып менин сүйлөшүп жатканымды уккан го, кыздардан "Замира ким менен эле урушуп жатат?" деп сураптыр. Бир жолу да борбордук аянттагы элди тамашага сала коёбуз деп милиция кызматкерлеринин колуна түшүп, түшүндүрүп жатып араң чыкканбыз.

Турусбек Аттокуров: «ТАЖРЫЙБА ТОПТОП, ЖЕР ДА КӨРДҮМ»
 Турусбек – Нарындын Ат-Башы айылынын кулуну. «Супер-Инфодо» 2003-2007-жылдары дизайнер, фотокабарчы болуп эмгектенген. Учурда «Супер-Инфонун» Ат-Башы району боюнча гезит таркатуучусу. 1 кыздын атасы.
– Башында биз, 3 бала, «Супер-Инфону» басмакана деп ойлоп, практикага келген элек. Көрсө, аты Кыргызстандын булуң-бурчуна тараган гезиттин редакциясы экен. Кылыч байке «бизге бирөөңөр калсаңар болот» дегенинен мен калгам. Кылыч байке практикага келген жаштарга да жакшы шарт түзүп берүүгө аракеттенчү. Ошол кезде көпчүлүк мекемелер практикантка акча төлөмөк турсун, аны кабыл алуудан баш тартышчу. Кылыч байке болсо мени практикага алып, ал тургай мага «келип-кеткен жол киреңе жарап турсун» деп 500 сом төлөп берчү.
Гезитте иштеген 4 жыл мени ар тараптан өстүрдү. Компьютерди мыкты өздөштүрүүдөн баштап адамдар менен баарлашууну, тапшырмаларды так аткарууну үйрөндүм. 2005-жылы президенттик шайлоодо фотокабарчы катары Талас, Ош шаарларына барып, ал жерлерди көрүп кайткан элем. Эгер «Супер-Инфодо» иштебесем, бул жерлерди көрөт белем, ким билет?..
Фотокабарчы болуп жүргөндөгү бир окуя эсимде. Атыркүл Сыдыкова экөөбүз Сыймык Бейшекеевдин үйүн тартканы барып, мен фотоаппараттын жарыгын күйгүзбөй тарта берипмин. Келип карасак эле капкара бирдеме болуп калыптыр. Анан кайрадан тартып келүүгө мажбур болгонбуз.

Бегайым Мусакеева: «АГАЙЫМДЫН СӨЗҮНӨ НАМЫСТАНЫП «СУПЕР-ИНФОГО» КЕЛГЕМ»
Бегайым 1985-жылы 30-январда Каракол шаарында төрөлүп-өскөн. «Супер-Инфодо» 2006-2010-жылдары иштеген. Учурда жолдошу Өмүрбек экөө бир кызды тарбиялап-өстүрүшүүдө. Мындан сырткары «Ислам» балдар борборун ачып, ийгиликтүү иштетип келүүдө.
– Журналистикада окуп жүргөндө «практикага чыккыла» десе эле телевидениеге, атамдын студиясына барчумун. Бир агайымдын «практикаңды атаңдын аркасы менен эле бүтүрүп аласың. Сен гезитте иштеп көрмөйүнчө чыныгы журналист болбойсуң» дегенинен гезит саткан күркөгө баш бактым. Сатуучудан «мага эң популярдуу гезитти бериңизчи» десем, «Супер-Инфону» карматкан. Гезиттен дарегин окуп, агайымдын сөздөрүнө намыстанган боюнча редакцияга барып, Азиза Сатимбекова эжеге жолугуп, тапшырма алып чыктым.
Ошондо «Прада кийген Азезил» жана «Хоттабыч» деген тасмалар тууралуу жазганым эсимде. Азиза эже «бизге ушундай өзгөчө стиль керек, жарайт!» десе, аябай толкундангам. А бирок макалам Каным эженин текшерүүсүнөн чыккан соң ыйлагым келгенин айтпа! Себеби экиге окуган окуучунун жат жазуусундай болуп барагым кызыл калем менен абдан чиймеленген экен. Каным эже сүрдүү гана «оңдоп кел» деп койду. Эки күн иштеп кетип каламбы деп кайрадан жазып чыккам. Эми ал эмгегимди Кылычбек Султановдун элегинен өткөрүшүм керек болду. Кылычбек Камчыевич текстти окуп чыгып, "бул үчүн жадакалса өпкөмдү сатат элем" деп жазыптырсың, "случайно" бөйрөк эмеспи?" десе, коркконумдан "жок, оригиналда өпкө деп турат" дей салдым. "Жок, "обычно" бөйрөк сатылат да..." десе да, "өпкө, өпкө" деп болбойм. Баары бир шектене карап, баракты берди. Мен кабинеттен чыгарым менен орусча текстке салыштырсам, чын эле бөйрөк экен! Албетте, гезитке бардыгы оңдолуп чыккан. Ушул окуядан улам жаңы келген кабарчыларга «Кылыч Камчыевич менен Каным эженин мектебинен өткөнүңөр өзүңөргө жакшы» деп көп айтчумун.
Кийин турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, редакциядан айласыз кетүүгө туура келди. Албетте, сүйүктүү жумушумдан кетүү мен үчүн оор болгон.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан