КЫРГЫЗСТАНДА АК ИЛБИРСТИН САНЫ 400гө ЖЕТПЕЙТ

Илбирстин эмне үчүн куйругу узун, билесизби? Куйругу аскаларда тең салмактуулукту сактап, кулап кетпеши үчүн жардам берет. Кыштын ызгаардуу суугунда мурдун жаап сууктан коргойт. "Жаныбарлар дүйнөсүндө" рубрикабыздын бүгүнкү коногу – сейрек жана табышмактуу илбирс.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Дүйнөнүн көпчүлүк зоопарктарында колдо көбөйтүшөт. Учурда ал зоопарктарда илбирстин саны 700дөн кем эмес.
  • Илбирс тууралуу көптөгөн көркөм жана даректүү фильмдер тартылган. Алар «Жашоо үчүн күрөш. Илбирстин тоолору» (Монголия, 1994), «Илбирс: мифтер жана чындыктар» (Англия, 2007) , «Илбирсти издей» (АКШ, 2007). Бизде Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» деген тасмасы кеңири белгилүү.
  • 2009-жылы 28-августта «Аpple» компаниясы «Илбирс» («Snow Leopard») аттуу программалык камсыздоо чыгарышкан.
  • Илбирстин сөлөкөтүн Татарстан менен Хакасиянын жана Бишкек, Алматы, Самарканд шаарларынын гербдеринен кездештирүүгө болот.
  • Советтер союзу учурунда мыкты альпинисттерге «Ак барс» наамы берилчү.

ЫЛДАМ + БАРС = ИЛБИРС
Илбирс (латынча Panthera uncia) – мышыктар үй-бүлөсүндөгү чоң жырткыч сүт эмүүчү. Ичке, узун, ийкем денеси, денесине салыштырмалуу кыскараак буту, анча чоң эмес башы жана абдан узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен бирге узундугу 200-300 сантиметр, салмагы 55 килограммга чейин. Терисинин түсү ачык бозомук, көк шакек сымал жана туташ кара тактар менен капталган. Мекени – Орто Азия. Илбирстер деңиз деңгээлинен 3000-4000 метр бийиктикте жайгашкан, жашынууга ыңгайлуу, аска-зоолуу, жарлуу жана анча чоң эмес бадалдуу тоолорду байырлашат.
Токойлуу жерлерге тоого кар калың жааган учурда же бир өрөөндөн экинчисине көчкөндө түшөт. Түрк тилине тектеш тилдерде бул жаныбарды барс деп аташчу. Кийин «ил» уңгусу кошулуп (ылдам, бат деген мааниде) кошулуп, илбирс аталып калган.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Илбирстер күүгүмдө жана таңда активдүү келишет. Кууту февраль-мартка туш келип, 98-103 күндөн кийин 1-3 (чанда 5ке чейин) мый тууйт. Ургаачысы 2 жылда бир жолу гана тууп, балдарын 2-3 жыл ээрчитип жүрүп жем таап жегенди үйрөтөт. Ургаачысы эки жашында жетилет.
Жактырып, аңчылык кылып жегени – тоо эчки, аркар, суур, коён, улар. Кийиктердин саны азайганынан илбирстин малга кол салган учурлары кездешүүдө. Адамга кол салган учуру катталган эмес. Ошондой эле алардын кутурма жана котур ооруларынан жабыркай турганы белгилүү, бирок толук изилденген эмес.

БИЗДЕ ИЛБИРС КЕСКИН ТҮРДӨ АЗАЮУДА
XIX кылымдын аягынан тартып, Кыргызстанда илбирске аңчылык кылууга тыюу салынбагандыктан, анын саны кескин азайып кеткен. 1948-жылдан тартып, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Бирок атайын лицензия менен зооэкспорт үчүн илбирс кармоо улана берген. 80-жылдарга чейин илбирсти тирүү кармап, зоопаркка өткөргөн чабандар мамлекеттик аңчылык уюмдарынан материалдык сыйлык алып турган. Ошол учурдагы кармалган Кыргызстандын илбирстери учурдагы дүйнөлүк зоопарктардагы илбирстердин негизги санын түзөт. Өлкөдөгү кой чарбасынын өнүгүшү жана тоолорду өздөштүрүү жапайы туяктуу жаныбарлардын жашаган аймагын тарытты. Ошондуктан алардын саны кескин кыскарды. Тоо кийиктеринин санынын азайышы менен илбирстин да саны кыскарды. 90-жылдардагы экономикалык кризистин учурунда браконьерлер көбөйүп, илбирстин терисин сатуу күчөгөн. Илбирс Кыргызстандагы жана Эл аралык Кызыл китепке киргизилген. 1975-жылдан бери Кыргызстандын өзгөчө коргоого алынган жаныбарларынын тизмесинде.

400ДӨЙ ГАНА ИЛБИРС КАЛГАН
"Сары-Челек", "Беш-Арал", "Нарын", "Каратал-Жапырык", 1995-жылы ушул түрдү сактоо үчүн уюшулган "Сарычат-Ээрташ" коруктарынын аймактарында, ошондой эле "Ала-Арча", "Каракол" жана "Чоң-Кемин" улуттук жаратылыш сейил бактарында коргоого алынган. Учурда илбирсти коргоо боюнча Эл аралык илбирсти коргоо «SLT» фонду жана Германия тарабынан каржыланган «NABU» уюму Кыргызстанда илбирсти коргоо боюнча долбоорлордун үстүндө иш алып барат. Советтик окумуштуулардын өткөн кылымдагы болжолдуу чыгарган саны боюнча, Кыргызстанда 1980-жылдардын башталышына чейин илбирстин жалпы саны 600дөн 1400гө чейин жеткен.
Акыркы 20 жылда Кыргызстанда бул түрдүн саны болжолдуу 2-3 эсеге азайган жана азаюусу уланып жатат. Азыркы убакта өлкөдө бул түрдүн саны 400дөн ашпайт. Учурда илбирстин популяциясынын эң тыгыз көрсөткүчтөрү Борбордук Тянь-Шань менен Ички Тянь-Шандын чек арасында белгиленген. Акыркы илимий изилдөөлөр Алайда илбирстин санынын кескин кыскарганын тастыктады. Батыш Тянь-Шандагы санын аныктоо үчүн илимий экспедициялар уюшулушу зарыл.

«ИЛБИРСТИН ТЕРИСИН КЕРЕГЕГЕ ИЛБЕЙ ЭЛЕ КОЮШСА!..»
Илбирс тууралуу биз таппаган суроолорго «SLT» Эл аралык илбирсти сактоо боюнча уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору Кубанычбек Жумабаевди кепке тарттык.

– Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз...
– Мен Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылынын кулунумун. Ж.Баласагын атындагы КУУнун экология факультетин жана Кыргыз илимдер академиясынын биология институтунун аспирантурасын, Норвегия табигый илимдер университетин аяктагам. Азыр Борбордук жана Ички Тянь-Шандагы жоголуу коркунучунда турган жапайы сүт эмүүчүлөрдү изилдеп жүргөн кезим.

– Илбирстерди сырткы түспөлүнөн айырмаласа болобу?
– Терисиндеги темгилдери уникалдуу. Ар бир илбирстин терисиндеги темгилдери башкасында кайталанбайт. Өзгөчөлүгү бар, айырмалоо оңой.

– Ак илбирстин тукуму жоголуп кетүү коркунучунда турат. Ага эмне таасир этүүдө?
– Көптөгөн факторлор таасир этүүдө. Азыр капкан салып терисин саткандар азайып калса да, башка жаңы коркунучтар пайда болду. Илбирс мекендеген тоолуу аймактарда кен казуу иштери башталып, чөйрөсү бузулууда. Илбирстин өз-өзүнчө майда жер-жерлерге чачырап кетүү коркунучу пайда болду.

– Браконьерликке каршы биздеги жана дүйнөдөгү мыйзам ченемдер тууралуу айта кетсеңиз...
– Илбирс жашаган ар өлкөнүн өз мыйзамдары бар. Кытайда илбирсти өлтүргөнү үчүн күнөөлүүлөрдүн 20 жылга чейин түрмөгө кесилип кеткен учурлары болгон. Бизде илбирсти атканы үчүн мамлекеттик айып учурда 199 миң 640 сомду түзөт. Ошондой эле учурда илбирсти аткан адам 3 жылга чейин жоопко тартылышы мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, биздин экс-ажолорубуз өздөрү мыйзамдарды бузган учурлары болгон. Аскар Акаев убагында Кытай Эл Республикасынын төрагасына эки илбирс тартуу кылган. Ал эми Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк зоопаркынан 3 илбирстин баласы табылган.

– Жакында эле "Сарычат-Ээрташ" коругуна комиссия менен болгон сапар жигердүү болдубу?
– Кыргызстандагы илбирс эң көп байырлаган "Сарычат-Ээрташ" коругунун маанилүү бөлүгү кен казуучу "Кумтөр" компаниясына геологиялык чалгындоого лицензия аркылуу берилип кеткен. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен барып, ал жерди көрүп келдик. Комиссия ал кадамды мыйзамсыз деп таап, лицензиянын мөөнөтүн ары узартпайт деп терең ишенип, комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүп жатабыз.

– Аңчылыктан нан таап жегендер бар. Алар кантет?
– Жаратылышты коргоо жергиликтүү элге пайда алып келгенде эл аны өзү коргой баштайт. Биз акырындап ошого жетишибиз керек. Илбирсти атып, терисин мыйзамсыз сатуу менен акча табууну көздөбөй, ошол эле илбирстин жаратылыштагы калтырган белгилерин, чөйрөсүн, изин же жаныбардын өзүн четтен келген туристке көргөзүү менен акча тапса болот. Мындай практика көп өлкөлөрдө ишке ашырылып жатат. Бул бир жолу эмес, туруктуу пайда алып келет жана жаратылышка зыянын тийгизбейт.

– Илбирсти коргоо боюнча окурмандарга кайрылууңуз бардыр...
– Илбирсти коргоо үчүн биз анын учурдагы Кыргызстандагы жалпы абалын так аныкташыбыз керек. Тилекке каршы, бизде бардык кыргыз тоо кыркаларына илимий экспедицияларды уюштурууга мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Окурмандар илбирс көргөн же ал тууралуу уккан маалыматтарын биз менен 0 (773), (558) 40-42-44 номери аркылуу бөлүшсө, эң жакшы болор эле. Мен СССР учурунда илбирс кармап терисин саткан адамдар менен көп жолуктум. Баары эле илбирс терисинен тапкан пайда туруктуу болбогонун айтышат. Дегеле кыргызда «мышык өлтүрүүнүн каргышы чоң» деп айтылат. Капканга балдарын ээрчиткен эне илбирстер көп түшөт. Эне илбирстин капканга түшкөнүнүн айынан тоодо 2-3 илбирс баласы ачкадан өлөт. Ушул жерден КТРКга да кайрылып кетет элем, көрсөтүүлөрдө илбирс териси илинген сахнаны колдонуудан баш тартышса жакшы болот эле. Эфирде керегеге 2-3 илбирстин терисин кере илип коюп манасчыларга манас айттырышат. Экологдор илбирсти «жоголуп кетет» деп коңгуроо каксак, телеканалдар, тескерисинче, антижарнама жасашат. Жаратылышка аяр мамиле кылчу учур келди.

Аксуубай Жуматаев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыргызстанда ак илбирстин саны 400гө жетпейт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Khagan
2012-05-21 10:17:32
Урматтуу Кубанычбек Жумалиев!
2012 - жылы Кыргызстанда илбирстерди сактоо максатында илимий конференция отот деп уктум эле, ошо туурасында маалыматты кандай алууга болот.
0
Kagan
2012-05-21 19:22:04
Мен кызыккан жакшы көргөн жаныбар!!!


http://www.super.kg/media/?type=video&id=62319
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан