Азыркы кезде эмне көп, козу карындай жайнаган ырчылар жана ар биринин жок дегенде бирден клиби болот, албетте, Айгүл Чалованы эске албаганда. «Шашкан шайтандын иши» дейби, көпчүлүк клипмейкерлер байкабай катачылыктарды кетирип алышат. Анда эмесе, клиптеги «ляптарды» байкап көрөлү.
Замир Мырза, «АШЫГАМ»
Замир «ашыгам, ээ-эркем, жан ээ-ээркем» деп эркесине тигилип отуруп, клиптин көп жерине маани бербей койгон көрүнөт. Анткени клипте көзгө урунар бир катачылык жүрөт. Алгач Замирдин шарап куйган бокалын жакшылап эстеп калыңыз. Бокалды көтөргөн ырчы балконго чыгат, анан эле ырчынын артынан эркеси чыга калганда колундагы бокал жерге түшүп, сынып кетет. Эми ошол жерден дагы бир жолу кылдаттык менен бокалды карап коюңуз. Жерге түшкөн бокалдын түзүлүшү такыр бөлөк. Бул жерде тартуучу топ улам бокал сындыра берип, башка формадагы бокалга өтүп кетишсе керек.
Дайыр Исмадияров, «ДОСТОРУМ»
Дайырдын «Досторум» деген клиби сонун, эгер бир "ляпты" көз жаздымда калтырсак. Жакшылап байкап көрүңүзчү. Дайыр достору менен уюлдук телефонун ойноп жатканда алыстан үч кыз келаткан болот. Аларды көргөн жигиттер оңдонуп-түздөнө катып туруп калышат. Кыздар өтүп кеткенде да Дайыр ордунан жылбай турат, бирок колундагы соткасына жан кирип кеткен белем, алаканын көздөй жылып кеткен.
Айпери Кубик кызы, «СЕН КЕТПЕЧИ»
«Атасынын сүйүктүү кызы Айпери бул клипти заманбап, динамикалуу тартыптыр» деп баары эле макташат. «Көзүндөгү көк түстүү линза, жадакалса эриндердин үстүндөгү калы ырчыга куп жарашыптыр» деп мактагандар да чыкты. Бирок ошол куп жарашкан калы бирде оң, бирде сол эрининде көчүп жүргөнүн байкагандар болду бекен? Анча-мынча күйөрмандар анын көк көзүнө арбалып, эрининдеги калын көз жаздымдан өткөрүп жибериши деле мүмкүн. Калды коёрдо визажисттер катуу ойго батып кетишкен көрүнөт, клиптин «ляп» менен чыгышына себепкер болушуптур.
Амир Аскаров, «АЛДАДЫҢ»
«Алдадың, сен алдадың» деп сыздаган Амирден да бир «ляп». Негизи, жаан жааганда бүт жерге тегиз жаайт беле дейм да? Клипте болсо жамгыр шатырап жаап жаткан жерине жакшылап көз жүгүртүп көрсөңүз... Амирдин версиясындагы жамгыр жер тандап жаагандай сезилет. Чынында, ал жаан эмес эле, режиссёрдун катачылыгы. Ушунча болду, сууну алысыраактан чачыратса, жаан тегиз жаагандай болуп калмак экен, аттиң.
Нурмат Садыров, «ЖҮРӨГҮМ»
Назик үндүү, азыркы жаш кыздардын табитиндеги Нурматтын “Жүрөгүм” деген ырынын клибин суктана көргөндөр чекеден чыгат. Бирок ошол жерде да бир режиссёрлук ката кеткенин байкадыңыз беле? Аны капарыңызга албай өтүп кеткен болсоңуз, кайра жакшылап көз салып көрүңүз. Нурмат машинаны жай айдап “жүрөгүм, аячы менин мүрөгүм” деген жерине келиңиз. Мына ошол жерде ырчы ачкычы жок эле машинанын рулун ары-бери бургулай бериптир. Анын тээп жүргөн унаасы негизинен ачкычсыз эле айдалса керек, албетте өзү жаңылап, заманбапташтырып cалбаса.
Гүлжигит Сатибеков, «БАКЫТ ИЗДЕЙМ»
Клиптин каарманы – башында жаман жолдо жүрүп, кийин ыйман жолуна түшкөн кыз. Жакшылап назар салсаңыз, кыз тагдырына нааразы болуп, «клиентинен» качып чыкканда кара торчолуу капрон колготкичен. Көчөдө отургучта көз жаш төгөт, өкүнөт. Үйүнө барып үстүңкү кийимин чечпей дагы бир сыйра ыйлайт. Бирок ошол жерде кыздын торчолуу капрону дароо жөнөкөй болуп өзгөрө калган.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg