Бул жолу «Театр», «super.kg», «О», «Кока-Кола» жана «Шоро» командаларынын курамдары менен тааныштырабыз. Калган командалардын курамдарын гезитибиздин кийинки санында көрө аласыздар.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
“Супер-Инфонун” кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан
! 1) Командалар мелдешке гезитте жарыяланган курамда гана катыша алышат.
Өзгөртүү киргизүүгө уруксат жок. Эгер кандайдыр бир себептерден улам тизмедеги оюнчулар келбей калышса, команда аларсыз ойноого мажбур болот.
! 2) Талаадагы 11 оюнчунун кеминде экөөсү айым футболчу болуусу керек.
Эгер кыз болбосо, 3:0 эсебиндеги жеңилүү жазылат.
! 3) Тизмедеги оюнчулар сөзсүз ошол компаниянын кызматкери болушу шарт, жок дегенде акыркы 1 ай ичинде.
Оюнчунун ал компанияда иштебей тургандыгы аныкталса, оюндан четтетилип, орду башка менен толукталбайт.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg