ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (21-майдан 27-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Пландарды ишке ашырууда чечкиндүү болуп чыга келесиз. Болгону, ачык-айкын баарлашуу башкы сапат экендигин унутпаңыз. Жеке жашоодо мамилелердин туруктуулугу үчүн аракет кылуу керек. Жаман маанайдын арты менен бирге иштешкендерге катуу айтуудан карманыңыз. Апта акырында конокко барасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдыга максат коюп, анан ага жетүүгө аракет кылуу кажет. Үйдө оңдоп-түзөө жана чарба иштерин бүтүрүүгө убакыт бөлүңүз. Мурун мамилелеш болгон адам менен жолугушуу күтүлүүдө. Аны менен саламдашып коюу же баарлашуу сизден көз каранды. Апта аягында маалыматтарга марыйсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Иштер боюнча башка шаарга (районго) барууңуз күтүлүүдө. Чарба ишинде улам артка жылдырып келе жаткан маселелерди бүтүрүүгө кезек келди. Кээ бирөөлөргө мурас же кыймылсыз мүлк маселеси боюнча чуркоого туура келет. Балдарга көбүрөөк көңүл буруп, аларды табигат койнунда эс алдырууну колго алыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Көп адамдар менен жолугуу жана баарлашуу күтүүдө. Оюңузду ачык жана так билдирүү менен керектүү адамдардан жардам алууга жетишүүңүз керек. Иштер көп болсо да, сүйүктүү адамыңызга жагымдуу сюрприз тартуулап, көңүлүн алыңыз. Апта аягында ызы-чуусу жок тынч жайда эс алууңуз мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Каржылык көйгөйлөрдү чечүү башкы планга чыгат. Жакшылап аракет кылсаңыз, жаңы акча булагын таба аласыз. Достор жана бирге иштешкендердин арасынан ким менен жакын катнаш түзүү тууралуу ойлонууга туура келет. Иштешүүгө сунуштар түшөт, жыйынтыгы күмөн жаратса, баш тартуу оң.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жөндөмдүүлүктү көрсөтүүгө аргасыз кылуучу апта. Тоскоол жаратуучу адамдар менен кагылышпай, ийгиликке жетишүүгө умтулуңуз. Аптада эмне буюм сатып алсаңыз да, сизге узакка кызмат кылмакчы. Саламаттыгыңызга залал келбеши үчүн оор жумуштардан баш тартыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Убакыт сизден ички дүйнөнү байытып, жашоого көз карашты өзгөртүүнү талап кылат. Буга таасирдүү адам менен баарлашуу түрткү берет. Аптада буюмдарды сатып алуудан же сатуудан жолдуу болосуз. Аян түштөргө маани берүүнү жылдыздар эскертет. Апта аягында жеке жашооңузду сүйүнүчтүү көз ирмемдер кооздойт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада көп иштер, түйшүктөр күтөт. Андыктан энергияңыз жетпей калбашы үчүн убагында уктап, күчтүү тамактануу кажет. Буга чейин сизге табышмактуу болуп келген окуянын сыры ачылып, ким күнөөлүү экенин биле аласыз. Турак жай салып жаткандар долбоорунан ката кетпеси үчүн дагы бир сыйра карап, текшерүүлөрү керек.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Акыркы убакта эмнеге жетишүүнү кааласаңыз, бул аптада ишке ашышы күтүлүүдө. Сизден чечкинсиздиктен арылып, активдүү болуу талап кылынат. Керектүүлөрдү сатып алууга каражат жетпей, тааныштардан насыя акча алууңуз да мүмкүн. Жума күнү чындык деп эле адамдын көңүлүнө карабай болгонун айтып салуудан карманыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Оор көйгөйдү чечүүдө билим деңгээлиңиз жетпей, керектүү адис издейсиз. Бул сизди көп нерсеге үйрөтүүчү адам менен таанышууга жеткирет. Диний фанаттардын таасирине кирип кетүүдөн абайлаңыз. Айрымдардын өнөкөт оорулары козголуп, дарыгердин кызматы керек болот. Ишембиде туугандардын үйүнө баш багасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаңы күч, жаңы идеялар жаралып, аларды ишке ашыруудан рахат аласыз. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздүн буга чейин биле элек жакшы жагы ачылат. Шейшембиде көрө албастар аброюңузду түшүрүшүнө жол бербеңиз. Бейшембиде бирөөлөр жаман ишке аралаштырууга же алдоого аракет кылат. Сак болуңуз. Жекшембиде сизди жагымдуу окуя күтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Иште керектүү демилгени биринчилерден болуп көтөрүп чыгып, элге көрүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Буга жетишсеңиз, жетекчиликтин ишеничинен тышкары акчалай сыйлыкка арзыйсыз. Эмоцияга алдырбай, абалдан акылмандык менен чыгуу зарыл. Жума күнү чакырылбаган конокторду тосууга камдана бериңиз. Апта аягында үйдү кооздоо, эмеректерди кайра жайгаштыруу иштери күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ruslanbek8686
2012-05-21 11:16:29
Ой меникини аябай жакшы жазыптыр.
0
Sa9g_90
2012-05-21 12:59:03
мен учун тим эле укмуштуу апта го
0
anarbek_87
2012-05-23 16:34:54
jakshy apta men u4un
0
Nurbek.dt70
2012-05-24 13:25:59
men bul aptada plan kylyp jurgon nerselerdi jazyptyrgo kaidan biliwti 9?
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан