Зуура Сооронбаеванын уулу Абдыкерим: « АПАМДЫН КЕРЭЭЗИН АТКАРДЫМ»

“Жараткан бергенин бүт койбой алат, жалгыз гана жагымдуу сөз аман калат” демекчи, апрель айында кыргыздын көзгө басар жазуучуларынын бири Зуура Сооронбаева дүйнөдөн өтүп кетти. Зуура апанын аркасында "Астра гүлү", "Жетимдер", "Чоочун киши" өңдүү көөнөрбөс чыгармалары, сөз баркын билген эли калды.

БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ...
Менин агайым Зуура Сооронбаева тууралуу “биздин куракта ыйлаткан эки гана нерсе бар эле. Бири Зуура Сооронбаеванын чыгармалары болсо, экинчиси – индия кинолору” деп калчу. Калемдин күчү менен жүрөктү козгоп, муунду бошоткон кыргыз элиндеги бирден-бир айым прозаик Зуура эже жөнүндө жазгыбыз келди.
Атактуу жазуучу 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында туулган. Бой жеткенде ата-энесинин каалоосу менен баш калаадагы (мурунку Фрунзе, азыркы Бишкек) медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок тагдыр аны таптакыр башка нукка буруп жиберет.
"Актрисалык кесип гардеробдон башталат" дегендей, ал Каракол шаарындагы “Ысык-Көл правдасы” гезитинде текст терүүчү болуп иштеп баштаган. Замандаштарынын айтымында, эже тез эле иштин көзүн таап, эң мыкты журналистке айланат. Сөзү курч, айтканын бербеген журналист убакыттын өтүшү менен чыгармачылыкка көбүрөөк ыктай баштаган. Куш калем эргип, 1946-жылы алгачкы ыры жарык көрүп, окурмандардын көңүлүнө жагат. Зуура Сооронбаеванын атын чыгарган чыгармасы “Астра гүлү” повести болсо, ага атак-даңк алып келген чыгармасы – “Чоочун киши”.
Талантынан бакыт тапканы менен, Зуура эже жеке тагдырында бактысыз болгон экен. А балким, жүрөк жарган чыгармалары ошол өзүнүн жетпей калган махабатынан келип чыкса керек. Өмүрүндө бир гана адамды сүйгөн ал махабаты Шарип аттуу жигит кандуу согушка аттангандан кийин турмушка чыгат. Уулдуу болгондон кийин ажырашып кеткен экен. Зуура апанын махабаты чыгармага айланып, көптөгөн адамдардын жан дүйнө азыгы болуп келгени айкын чындык. Кутман карылыкка жетип, чыгармалары бааланып, Кыргыз Республикасынын Маданиятка Эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Эл аралык “Кутман эне” наамдарына ээ болгон.

“АПАМДЫН МАХАБАТЫ ЧЫГАРМАЛАРЫНДА КАЛДЫ”
Жазуучунун биз билбеген, эл кызыккан өмүрү тууралуу билүү үчүн Зуура Сооронбаеванын уулу Абдыкерим мырзага кайрылууну туура көрдүк.

– Зуура апанын арты кайрылуу болсун. Апаңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Апамдагы талант кимден келген деп көп ойлончумун. Апамдын айтымында, таятам чечен адам болгон. Бардык жерде окуяны таамай ачып берчү экен. Ал эми таенем динди бекем кармаган, аалым адам болуптур. Ушундан улам апамдагы чыгармачылык талант таятамдан, ал эми улууларга ыйбаа кылуу, пейилинин кеңдиги таенемден өткөн го деп ойлойм. Челпектеги орто мектепти аяктаганда ата-энеси дарыгер кылабыз деп медициналык окуу жайга тапшыртышыптыр. Апам ата-энесинин көңүлү үчүн окуганы менен, өзү журналисттикке ооп кетиптир.

– Зуура апанын чыгармаларынын көбүндө армандуу сүйүү баяндалганы эмнеден болду экен?
– Апам айтып калар эле, "бардык чыгармаларым турмуштан алынат. Кээ бир гана көркөм сөздөр, жагымдуу жагдайлар чыгарманы кооздоо үчүн кошулуп кетет" деп. Апам жүрөгүндөгү нерсени чыгармага айландыра алды. Анын бирөөгө ашык болуп, бирок арзыган адамына жетпей калганын чыгармалары далилдеп тургансыйт. Көзү тирүү кезинде махабаты тууралуу өз оозунан уккан эмесмин. Баласына сүйүүсү жөнүндө айтып берүү эне үчүн ыңгайсыздыкты жаратса керек. Чынында, апам жаш кезинде абдан сулуу айым болгондуктан, көп жигиттер ашык болушканын кулагым чалган. Бирок оңой менен жигиттерге көңүл бурчу эмес экен. Баса, апамдын актрисалык да жайы болгон. Студент кезинде спектаклде ойногон сүрөттөрү бар. Чынында эле сулуу. Апамдын чыгармаларынын көбү табият коюнунан жаралган. Жети-Өгүз курортуна жыл сайын барып эс алып келчү.

– Апаңыздын өмүрүнүн акырына чейин жалгыз өткөндүгү сизди да капа кылса керек...
– Сүйүүгө айымдар туруктуу келишет деп коёт эмеспи. Апам да жашоодо бир гана адамды катуу сүйүп, ага жетпеген соң бүтүндөй жашоосун мага арнаган. Жашоодо болгон кубанычын мени менен бөлүшсө, кайгы-капасын, армандуу махабатын бир гана чыгармалары менен бөлүшчү.

– Биз билген жазуучу айым үйдө кандай апа эле?
– Ыйык, өзгөчө жан эле. Мен үчүн мээримдүү эне, кайраттуу, чыдамкай аялзаты болгондугун баалайм. Дайыма дасторкондун кенен болуп туруусун жактырчу. Жеке эле мага эмес, төрт небересине да таалим-тарбия берди. "Баланын кичинеси жакшы көрүнөт" деп, чөбөрөлөрүн чогултуп алып ойнотуп, аларга жомок айтып берүүнү жакшы көрчү. Мурда мен апамдын жалгызы болсом, кийин төрт небере, алты чөбөрөсү курчап калды. Неберелери чоң эне дебестен, апа деп кайрылышчу. Кээде мага айтпаган сөздөрдү чоң энесине айтып, сырдашкан күндөрү да болду.

– Зуура апанын акыркы күндөрүнө токтоло кетсеңиз...
– 2008-жылы октябрь айында апам Бишкектен Караколго келип, бутун оорутуп алган. Күн өткөн сайын ден соолугу начарлап, басууга кыйын боло баштады. Мен Орусиядагы, Бишкектеги неберелерин чакырып, баарыбыз апамдын жанында болдук. Жакшы деген ооруканаларга алып барып, күчтүү деген дарыларды да колдонуп көрдүк. Апамдын бутуна операция жасоо керек дегенинен Бишкекке чоң үмүт менен барсак, врач апамдын жүрөгү операцияны көтөрө албай турганын айтты. Муну угуп токтоп калдык. Өзү да чочулап, операция жасоого макулдугун бербей койду.

– Оору менен төрт жыл алышкан экен да...
– Өзүн жакшы сезип, чөбөрөлөрү алдында ойноп, биз менен сүйлөшүп, жакшы эле жүрдү. Бирок мурункудай баса албай калган. Ошол күнү баарыбыз менен коштошуп, бетибизден өөп, “мени ата-энемдин күмбөзүнүн жанындагы жерге көмгүлө” деген керээзин айтты. Мени жеңилдеткени апамдын акыркы сөзү болду. Апам “ыраазымын, ыраазымын” деп жатып жан берди. Ошентип, апамдын керээзин аткардым.

“ ЖӨНӨКӨЙ ЖАН ЭЛЕ...”
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Өзүбекова Жибек Райымбековна да замандашы катары Зуура Сооронбаеваны эскерип өттү.
– Зуура эже менен ата-энем абдан жакшы теңтуштар болчу. 60-70-жылдары жазуучу деген абдан бийикте тургандыктан, Зуура эже биздин үйгө келип, ата-энем менен мамиле түзгөнү мен үчүн сыймык боло турган. Зуура эже атамдар менен түн бир оокумга чейин отуруп, жаштарга тарбия берүү, кыргыздын санжырасы жөнүндө сүйлөшүүдөн тажашчу эмес. Эженин эң бир жакшы сапаты – абдан жөнөкөй эле. Атак-даңкка ээ болуп турса да, ар бир адам менен жөнөкөй тилде сүйлөшүп, түшүнө билчү. Чыгармаларынын көбү да өз турмушунан алынганын байкоого болот. Кимде-ким Зуура эжени терең билгиси келсе, анын чыгармаларын кайра кайталап окуш керектигин баса белгилейт элем.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
jyrgal-2
2012-05-21 10:24:19
jatkan jeri jailuu, topuragy torpoluu bolsun,,,zalkarn jazuuchuu ele...
0
jaina13
2012-05-21 12:27:16
Жаткан жери жайлуу болсун...Өзү арабызда жок болсо да чыгармаларында жашай бермекчи.Эң сонун чыгармалары бар,баарын тең эргүү менен окугам.
0
nelli
2012-05-22 14:03:41
жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
0
alumkulov82
2012-05-22 14:54:56
Жаткан жеринез жайлууу болсун бейиш банынан оорунберсин ,
0
Juliana
2012-05-23 00:01:05
jetimder degen chygarmasyn kaydan taap okusam bolot? Men chet olkodo jashaym, internettin kaydy bulagynan izdese bolot? Jardam berip koygulachy suranych
0
tattusha
2012-05-24 16:38:59
Жаткан жери жайлуу болсун, Эженин чыгармаларын окуп турмуштук чон сабак алса болот.
0
Jamalym
2012-05-25 04:51:45
Jatkan jeri jailuu,top uragy torkoluu bolsun.Chygarmalary chynynda adamdy yilatat,birok tarbiyalyk maanisi zor.
0
janchar
2012-05-25 14:18:48
Ak chach ayal degen chygarmany uwul eje jazdy bele estei albay jatam
0
NUR.DIM
2012-05-27 00:46:47
Жаткан жери жайлуу болсун. Ушул жазуучунун чыгармалары менен жашап калган кундорум болгон. Айрыкча Астра гулу Чоочун киши чыгармаларын окуп жатканда кантип тан агарып кеткенин билбей калчумун. Талантына таазим.
0
www.belek
2012-06-08 02:25:10
Акыретте ыйманы жолдош болсун, кудай туболук жайын бейиштин торунон берсин. Бул апанын чыгармасын окуп коюп, унутуп калуу мумкун эмес. Чыгармасын окугандан кийин, коп убакыт чыгармадагы окуяны, каармандарын унута албайсын.
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан