Жаз, жай жана эрте күздө табигаттын койнунда эс алууга ашыгарыбыз бышык. Көк чөп, гүлдөр, бак-дарактардын кооздугу адамга жарык маанай тартуулап, энергия берет эмеспи. Бүгүн сиздерге бакчаңызга өз колуңуз менен керектен чыккан автоунаанын дөңгөлөгүнөн жана таштардан ландшафттык дизайн жасоону сунуштайбыз.
ЭСКИ ДӨҢГӨЛӨКТӨН КООЗ БУЮМДАР
ТОТУ КУШ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн бир покрышкасы, бурама жана сыр.
Жасоо: покрышкадан тоту куштун тулку бою кесип, анан тескерисинен аңтаруу керек. Тумшугу ошол эле покрышканын кесиндисинен даярдалып, башына бурама менен бекитилет. Андан соң көрктүү тоту кушка окшоштурулуп сырдалат.
Гүл идиши катары колдонулат.
ГҮЛ ИДИШИ
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн покрышкасы менен диски жана сыр.
Жасоо: дөңгөлөктүн покрышкасынын үстүңкү гана бетин сүрөттөгүдөй кылып кесип, аны тескерисинен аңтарып, каалаган түскө сырдап коюу керек.
АК КУУ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн бир покрышкасы, ичке арматура же жука темир (моюнун ийип, бир калыпта карматуу үчүн), жыгач (башын даярдаганга), бурама жана сыр.
Жасоо: покрышканын ортосунан башы менен куйругу белгиленет да, кесилет. Андан соң моюну төшүнө карай тилинет. Кесип болгондон кийин покрышка тескерисинен аңтарылып, моюну үчүн арматура карматылат. Башы жыгачтан жонулуп жасалат да, бурама менен бекитилет. Баары даяр болгон соң сырдалат.
АЖЫДААР (кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн үч покрышкасы, ичке арматура (ажыдаардын башын тирөө үчүн), бурама жана боёгонго сыр.
Жасоо: бир покрышка жерге орнотулат. Ал эми экинчи покрышкадан башы, тили жана муруту даярдалат. Үчүнчүсүнөн моюну жана жону кесилип алынат. Андан соң баарын бурамалар менен бириктирип, башын карматуу үчүн арматура жерге кагылат.
ПАЛЬМА (кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: бир дарак үчүн эки дөңгөлөктүн покрышкасы, бир жыгач устун, мык, сыр.
Жасоо: покрышканын диск менен бириккен катуу бөлүгү кесилип алынат. Андан кийин покрышкалардын ар бири үч бөлүккө бөлүнүп (четтери тилинип), устунга ирети менен бекитилет да, сырдалат. Даяр болгондон кийин устунду жерге орнотуп, сырдап коёбуз.
ЭШЕК МЕНЕН АРАБАСЫ (гүл идиши жана кооздук үчүн)
Керектелүүчү каражаттар: дөңгөлөктүн эки покрышкасы, жыгач (арабаны жасаганга), ичке арматура (эшектин буттарын тирөөгө), бурама жана сыр.
Жасоо: эшек, араба жана гүл идиши өзүнчө жасалып, андан соң ага бириктирилип коюлат.
ТАШ МЕНЕН КООЗДОО
Короодогу жолду жана короо ичиндеги аянтчаны кооздоо үчүн керектелүүчү каражаттар: таш, шагыл, цемент жана кум.
Жасоо: жол же аянтча салына турган жерди түздөп, шагыл төгүп, анын бетине сүрөттөгүдөй кылып алдын ала кооздоп оймо-чийме же гүл элементин түшүрүү белгиленет. Андан соң шагылдын бетине бир жак башынан цемент менен кумдун аралашмасы (раствор) төшөлүп, үстүнө таштар тизилет.
Жалпагыраак келген таштарды тандап, аларды чоң-кичинесине жана түсүнө жараша бөлүп алуу зарыл.
Жөнөкөй эле таштарды жаныбарларга, курт-кумурскаларга, ал тургай чокойго да айландырса болот. Мисалы, төмөндөгүлөрдү жасоо үчүн кадимки эле сыр колдонулган.
ЛАНДШАФТТЫК ДИЗАЙН ЖӨНҮНДӨ
Илгери көчмөн турмуштагы бабаларыбыз сулуу табигаттын кучагында жашаса, учурда адамдар отурукташкан шартта күн кечирет. Токой, жашыл шалбаалар бузулуп, эл эс алуучу жайлар улам азайып барат. Адам табигаттан канчалык алыстаган сайын андан алуучу энергиянын орду бош калат. Мындай учурда адам стресстерге кабылып, чарчап, калыптагыдай эс ала албай калат. Мына ушул маселеге эң алгачкылардан болуп тушуккан, индустриясы өнүккөн Германия менен Англияда ХХ кылымда шаарлардагы короолорду жашылдандыруу башталган. Ушундан тарта ландшафттык дизайн деген түшүнүк пайда болгон.
Ландшафттык дизайнда колдонулуучу негизги элементтер:
Жашылдандырууга: бак-дарактар, бадалдар, жана гүлдөр.
Кооздук үчүн: көлмө, арыктагы суу, фонтан, таштар жана айкелдер.
Кооздук үчүн майда элементтер: шам чырактар, асма жасалма гүлдөр жана башкалар.
Бул таш баканы жасоого таштар, цемент жана куурчактын көздөрү колдонулган.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg