Эртеңки күнүң кандай болорун эч качан биле албайсың. Бул үй-бүлө да тагдырдын мындай сыноосуна туш болобуз деп ойлогон эмес чыгар. Бул каргашалуу окуя Исламды сүйүктүү атасынан ажыратса, өзүн түбөлүккө ден соолугунан ажыратып койду. Өзү теңдүүлөр так секирип ойноп жүрсө, Ислам 1 жыл 3 айдан бери майыптардын арабасында байланып отурат. “Минтип бир заматта бактылуу үй-бүлөнү сыздаткан күнөөкөр жазасын албай жүрөт” деп нааразычылыгы менен Исламдын тууганы Улан редакциябызга кайрылган.
КЫРСЫКТАН АТАСЫ КАЗА БОЛСО, БАЛАСЫ МУНЖУ БОЛДУ
Бир жылдан ашуун убактан бери бул 13 жашар бала көрбөгөн тозокту көрүп, башы ооруканадан чыга элек. Бир бутунан ажыраган өспүрүмдүн экинчи буту да учурда толугу менен бүтө элек, кесүү коркунучунда. Дарыгерлер “колубуздан келгенин кылдык” деп айтышыптыр. Экинчи бутун “айыктырабыз же ампутация кылабыз” деп ачык айтышпаган. Тилекке каршы, экинчи бутунан да ириң чыгып, учурда эч бир дарыгер айыгып кетерине кепилдик бере элек. Бул окуя болгонуна толугу менен 1 жыл 3 ай болду. Ал каргашалуу окуя 4 баланы жетим калтырып, жаш жеткинчекти өмүр бою мунжу кылды.
Бул үй-бүлө жакшы тилек менен Нооруз майрамын эл катары майрамдайлы деп Таластын чоң базарына барып, кайра айылга кайтып келе жатышкан. Унаанын ичинде Мырзабек агай, аялы Гүлжан, уулу Ислам жана коңшусу Махабат эже бар болчу. Унаанын суусу кайнап кетип, Арал айылынын Сейдакматов көчөсүнөн жолдун жээгине токтогон. Капотун ачып суу куюп жаткан кезде мамлекеттик номери 05-15 DA болгон ак түстөгү Нива 2121 үлгүсүндөгү автоунаа келип сүзгөн. Унаа УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына тиешелүү болуп чыккан.
Аталган автоунааны УКМКнын кассири Уулкелсин Жаркынбаева уулу Азамат менен Таластагы таякесинин кара ашына айдатып келген экен. Автоунааны Таласка УКМКнын айдоочусу Айбек Пратов аттуу жигит айдап келген. 20-март күнү жолго чыкмай болуп, кечки саат 5 чамасында унаага май куюуга Азамат Жаркынбаев айдап чыгат. Катуу ылдамдыкта келе жатып, бурулуштан кайрылганда рулга ээ боло албай калып, күн чыгыш тарапты көздөй келип КИА Спорттейж үлгүсүндөгү унааны бет маңдайынан сүзгөн. Унаа 10 метрдей артты көздөй жылып кеткен. Ал учурда капоттун алдында Мырзабек менен уулу Ислам радиаторго суу куюп жатышкан эле. Мырзабектин тизеден өйдө жилиги чорт сынып, эки буту тизеге чейин жиликтери майдаланып, автоунаанын бамперине кептелип калган. Ал эми Исламдын оң жак буту тизеден ылдый жулунуп, сол бутунун жилиги чорт сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен. Алар Талас районунун Чат-Базар айылынын ооруканасына жеткирилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мырзабек оорукананын жандандыруучу бөлүмүндө он күн комада жатып, каза болгон. Ал эми Ислам 5 күн Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатып, андан кийин Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө которулган. Тилекке каршы, бул убакыт ичинде бутуна микроб кирип, буту ириңдеп, тизеден өйдө кесүүгө туура келген. Учурда экинчи бутунун абалы да жакшы эмес, себеби бутунун эттеринен ириң чыгып жатат.
Жабырлануучу Ислам: «АТАМ БАЛАМДЫ КАРАГЫЛА ДЕП ЖАТТЫ»
– Машина урганда эсимди жоготкон жокмун. Бизди сүзгөн Нивадан сары жигит түшүп, бизди карап калды. Кийин ал жигит Азамат экенин билдик. Ошондо атам да эсинде болчу “көзүң барбы, акырын айдабайсыңбы! Мени таштагыла, баламды карагыла!” деп кыйкырып сүйлөнүп жатты. Машинадагы Гүлжан жана Махабат жеңемдер эмне кыларын билбей өздөрүн жоготуп коюшту. Алар “жардам бербейсиңби, эмне карап турасың?!” деп кыйкырып, чуркап жүрүштү. Андан кийин бизди машинага салып, ооруканага алып кетишти. 5 күндөн кийин Бишкекке келдим, ошондон бери ушул жактамын.
Гүлжан, Исламдын апасы: «АЙБЕК КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛУП ЖАТАТ»
– Машина катуу урулгандыктан, 10 метрдей жерге жылып кетти. Жанымда коңшум Махабат бар болчу, экөөбүз сыртка атып чыксак, күйөөм менен уулум жерде кан жалап жатыптыр. Ызы-чуу болуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Тизелеп отурганымда бет маңдайымда сары жигит турганын көргөм. Анын аты Азамат экенин жаныбызга чогулган жигиттер айтып жатышты. Күйөөмдү, уулумду ооруканага жеткизип, жандандыруу бөлүмүнө киргиздик. Ал убакта жолдошум эсин жогото элек болчу, анан эле комага түшүп, ошол бойдон эсине келбей каза болуп калды. Уулкелсин эже уулу Азамат болуп күйөөм каза болгондон кийин 1 уй, 1 жылкы, столго деп 20 миң сом беришкен. “Исламга да жардам беребиз” деген сөздөр болгон, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир да жолу абалын сураганга жарашкан жок. Ал жерде Арал айылынын тургундары рулда Азамат экенин тастыкташса да, аларды эч ким уккан жок. Айдоочу Айбек Пратовдун “рулда мен болчумун” деген сөзү чыныгы күнөөлүү адамды эркиндикте калтырууда. “Кийин чыгарып алабыз” деп ал айдоочуну кылбаган кылмышты моюнга алууга көндүрүшкөнүн эл айтып жатат. Анын үстүнө Азаматтын көзү жакшы көрбөйт экен, ошондуктан ага машина айдаганга болбойт экен. Анын апасына “мен көрбөй калыпмын” деп ыйлаганын көргөндөр да бар. Айбек бирөөнүн күнөөсүн неге өз моюнуна алып жатат, билбейм. Көрсөтмөлөрүндө “алдымда бусик токтоп турган, мен андан ашып өтөйүн дегенде алдыман уй чыга калып, сүзүп алдым” деп жатат. Чындыгында, жол бош болчу, муну ондогон күбө далилдей алат, бирок бизди эч ким уккан жок.
ТЕРГӨӨ АМАЛДАРЫНАН
Бир жылдан бери бул иш аягына чыга элек. Сот кошумча тергөө жүрсүн деп Аскер прокуратурасына жиберген. Гүлжан айымдын айтымында, жол кырсыгы болгон жердеги чийиндер да кийин өзгөрүлүп кеткен экен, ызы-чуу менен кайра туураланган. Ал эми Азамат Жаркынбаевди “бул ишке эч кандай тиешеси жок” деп өткөн жылдын 23-майында «кылмыш иши токтотулсун» деген тыянак чыгарылгандыгы маалым. Кызыгы, бул чечимди жабырлануучулар кийин билишкен.
Адилет Чунуров, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун кеңсесинин башчысы:
– Учурда бул иш гарнизондук Аскер прокуратурасында тергөөдө. Таласта беттештирүү менен тергөө-иликтөө иштери толук жүргүзүлбөстөн бул иш сотко өтүп кеткен экен. Бишкек гарнизондук Аскер соту тергөөнүн мүчүлүштөрүн жоюу үчүн кайрадан тергөө амалдарын Бишкек гарнизондук прокуратурасына жиберүү жөнүндө токтом чыгарган. Бирок Аскер прокуратурасы Аскер сотунун токтомуна макул болбой, апелляциялык сунуш киргизген. Аскер соту өз токтомун күчүндө калтырып, учурда тергөө-иликтөө амалдары кайрадан жүрүүдө.
Соңку сөз ордуна: Куттуу бир үй-бүлөнүн уясын бузган тараптан бир дагы адам менен байланыша албадык. Тапкан номерлерибизге чалганыбызда баары өчүк болуп туруп алды. Исламдын туугандарынын айтымында, акыркы сот отурумунда Азамат Москвага кетип калгандыгы маалым болгон. Ал эми Айбек Пратов дале күнөөнүн баарын өз моюнуна алып жаткандыгын айтышат. Ошондой эле Гүлжан айым маркумдун экинчи аялы экен. "Исламдын өз энеси башында 3 күн келип карап, андан кийин кайрылып келбеди" дешет. Айына 4 балага жалгыз бой эне деп акча алып, ошондой эле Исламдын майыптыгы боюнча пенсиясын да алып жаткандыгын Дастан аттуу уулу айтып, апасына нааразы болуп жатты. Бул макаладан кийин иш оңунан бүтүп, күнөөлүү адам өз жазасын алып, Исламга тиешелүү жардам берилет деп ишенебиз.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg