“Журналисттик кесипти алгач хобби катары кабыл алып, кийин чыныгы кесип катары көрүп калдым” деген кесиптештерибиз арбын, экрандын жүзү болгон. Ошолордун бири, ЭлТР телерадио корпорациясынын телеалпаруучусу Максат Довранов бизде конокто.
– Максат, кеп башын балалык чактан баштай бер...
– Мен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында, 1988-жылы 12-февралда туулгам. 14 жашка келгенимде үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Ала-Бука жергесине келип бой жеттим. Үйдө тоок көп болгондуктан, бала кезимде тооктор менен эле убара элем. Үйдөгүлөр, “Максат, кел, чай ичип ал, тоокторду карап жүрө бербей” деп калышчу. Ошентип жүрүп орто окуу жайын Ала-Букадан аяктап, технолог-дизайнер кесибин тандап алгам. Бирок ЭлТРде кастингге катышып, ошону менен журналисттик кесипти аркалап келе жатам. Биринчи бул тармакты хобби катары көрчүмүн. Барган сайын кызыгуум артып, чыныгы кесибим катары кабыл ала баштадым.
– Бойдок жигиттерге үй жумушун аткаруу бир топ түйшүк жаратат. Бул жагынан кимден жардам сурайсың?
– Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, үчөөбүз тең эркектер. Улуусу менен кенжеси эрке болот эмеспи, мен ортончу уул болуп апама үй жумушунан жардам берчүмүн. “Апам бул ишти жасайт, мен тигил ишти жасайм” деп бөлүштүрүп алчумун. Учурда эжелерим менен жашагандыктан, алар жардам берип жалкоо болуп калдым. Ачка болсом да аларды күтүп отура берем.
– Жумуртка кууругандан башка тамактарды жасай аласыңбы?
– Бардык тамакты жасай алам. Жездемдин үйүнө барып калсам, тамашалап “оо, Максат келди, бүгүн манты жасайбыз” деп калат. Апама жардам берип жүрүп, кичинекей кезимден камыр жууруп-жайганды жакшы эле өздөштүргөм.
– Тамакты мыкты жасаган Максат кандай келинчекти күтүп жатат болду экен?
– Мен кыздардан аялзатына таандык бардык сапаттарды издейм. Негизгиси, назик, бир аз уялчаак, ачык-айрым кыздар көңүлүмө туура келет. Тамак ылгабайм, бирок тамакты даамдуу жасоо жагына аябай көңүл бурам.
– Жигиттер кийим сатып аларда кыздарга тандатканды жактырышат эмеспи, кийимди ким менен бирге аласың?
– Кийимди өзүм тандайм. Себеби аябай көңүлчөөк адаммын. Эгерде шеригим мага жакпаган кийимди жакты десе, мен аны жарашпаса да алып алышым мүмкүн. Ошол себептен кийим аларда жалгыз жүрөм.
– Үйдө чарбачыл кожоюн боло аласыңбы? Сынамакка “базарда картошканын баасы канча экенин билесиңби?” деген суроо узатсам...
– (Күлүп) Картошканын баасы... Чынын айтсам билбейт экенмин.
– Эсиңде калган кызыктуу күндөрдөн айтып берсең...
– Окуучу кезимде кыздар мени көргөндө качышчу. Кээде беш-алтоо болуп алып мени токмоктоп салышар эле. Себеби кыздарга көп тийишчүмүн. Юбкаларын шыпырып салган тентек бала элем.
– Достукта кандайсың?
– Досторум абдан көп. Алардын көңүлүн оорутпаганга аракет кылам. Биринчи орунда достукту баалайм. Өзүмдү туруктуу досмун деп айта алам.
– Акыркы окуган китебиң эсиңде барбы?
– Азыркы учурда Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын окуп жатам. Бала кезимде ал китептин башын окуп, кайра таштап койгон элем. Жакында жетекчибиз “китепти окуп чыккыла, экзамен алам” деп тамашалаган эле. Ошондон улам окуп жатам. Чындыгында, мыкты роман экен.
– Экрандын жылдызы катары күйөрман кыздарың көптүр... Алар менен болгон кызыктуу учурлардан кеп кылсаң...
– Аша чаап кеткен деле кыздар жок. Бир учур болгон, “Алтымыш мүнөт” программасын алпарып жүргөн элем. Ал берүү түнкү саат 22ден 23кө чейин болчу. Жумуштан чыгып бара жатсам, бир кыз гүл көтөрүп мени күтүп туруптур. Түшүнбөй “эмнеге?” деп коём. Кийин ыраазы болгом. Азыр ал кыз экөөбүз доспуз. Көп сын-пикирлерин, кеңештерин айтып турат.
– Жеке жашоодобу же кесип жагынанбы, алдыда кандай пландар бар?
– Кесип жагынан айта турган болсом, бул жаатта пландар түгөнбөйт экен. Биринин артынан бири чыга берет. Жакынкы аралыкта ишке ашчу негизги планым туурасында айта турган болсом, “Кутман таң” берүүсүнүн Бишкектеги студиясына барып иш жүргүзсөм деп жатам. Ал эми жеке жашоого келсек, үйдөгүлөр үйлөн деп кулакты жеп жаткан учур. Жакшы кызга туш болсом, күзүндө үйлөнөм го...
– Убактыңды бөлүп маек куруп бергениңе рахмат. Максаттарыңа жетишиңе тилектешпиз.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg