“Кечир мени, эгер чалсам, түнкү саат үчтө...” деген ыр саптарын азыр жаштар жылмаюу менен кыңылдай ырдап жүрүшөт. Жаштар арасында хитке айланган мындай ырларды жараткан, жаңы багыт жана стилде өзгөчө үнү, аткаруусу менен кыргыз рэп дүйнөсүнө Бегиш деген ысым кошулду. “Жалгызым”, “Эркелеп” аттуу ырлары менен эл оозуна алынып калган, келечектен көптү үмүттөндүргөн рэпер Бегиштин жашоосу кандай, эмнени жактырат да, эмнени жактырбайт, чогуу байкап көрөлү.
Толук аты-жөнү – Бегалы Белекбаев.
Туулган жылы – 1992-жыл, 2-январь.
Жердиги – Алай району.
Бою – 170 см , салмагы – 62 кг.
Жылдызы – Текечер.
Билими – Юридикалык академияда 3-курста окуйт.
Үй-бүлөдө эки бир тууган.
«МЕН ЖӨНҮНДӨ...»
– 20 жыл ата-энемдин жалгыз баласы болгондуктан, үй жумуштарынын баарын жасап, эркелик эмне экенин билген жокмун. Ата-энем жумушта жүргөндө үйдү тыкыйта жыйнап, идиш-аяк жууп, камыр жууруган мен үчүн күнүмдүк жумуштардан эле. Быйыл карындаштуу болуп, кубанычыбызда чек жок.
Мүнөзүм жөнүндө айтсам, баарына түшүнүү менен караган жөнөкөй баламын. Оор деле мүнөзүм жок, адамга жакшылык каалаган эле жигиттерденбиз.
Үйдө жалгыз болсом, ачка деле калбайм. Апам үй жумуштарынын баарын үйрөткөндүктөн, анча-мынча тамактарды жасаганды билем. Эң жакшы жасаганым – жумуртка менен картошка кууруу.
Спорттон футболго аябай кызыгам жана сүйүп ойнойм. Бош убакыт болсо, күрөштүн самбо түрү менен да алектенем.
Кийимдеримди көбүнчө чет өлкөдөн алдырам. Дос балдарым өздөрүнүн табити боюнча тандап салып турушат. Кээде буйрутма да берем.
«КЫЗДАР...»
– Кыздарга кырдаалга жараша, шайыр болсо шайыр, оор басырыктуу болсо ошондой мамиле кылам. Сулуулар менен таанышуу мага көп деле кыйынчылык жаратпайт. Эгер кыз жагып калса түз эле барып, таанышуу сунушун киргизем. Сүрдөмөй деген жок.
Кыздарга белек катары кээде ыр чыгарып жана серенада ырдаган учурлар болгон. Кичине кезимде Ысык-Көлдө бир кыз үчүн көчөдө түнөп калганым дале эсимден кетпейт. Аны кечке күтүп, сыртта таң атырган элем.
Негизинен, ата-энеге мээримдүү, тарбиялуу, үй жумуштарына тың, ошол эле учурда заманбап, саркеч кийинген, өзүнүн жарашыктуу стили бар кыздар жагат. Жүдөө, табитсиз кийинген кыздарды көңүлүм сүйө бербейт.
Эң биринчи айымдарды көргөндө негедир бут кийимине көңүлүм бурулат. Мейли шиш така, мейли жапыз бут кийим болсун, негизгиси, табит менен тандалып, өзүнө жарашыктуу болсо жетиштүү.
«ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТА...»
– Эң алгачкы дебюттук чыгармамды Көчө акыны (К.А.) менен ырдагам, “Керексиң мага” деген аталышта 2010-жылы жарык көргөн. Ошондон бери досум экөөбүз чогуу иштешип келатабыз. Акыркы эмгегибиз – “Акыркы кат” аттуу композиция. “Жалгызым” деген ырым болсо сүйгөн кызыма арналган. Ал кыз менен бир топ убакыт кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, кийин эки башка жолго түштүк. Азыр да кабарлашып турабыз, бирок дос катары.
Учурда жүрөгүмдүн ээси жок. Менин негизги күнүмдүк жашоом эртең менен таң атпай сабакка жөнөөдөн башталып, окуу саат экилерге чейин убактымды алат. Андан кийин дароо эле жумушума келем, башкача айтканда, студияда күнүм өтөт.
Назгүл Исакова
star@super.kg