КЫРГЫЗ ЗООПАРКЫ

Ак куулар көлмөдө сүзүп, кашаба жорто чуркап, аюулар күүлдөп, ламалар кепшеп, айтор, биз барсак зоопарк өз репертуарында экен. Башкаларды билбейм, мага зоопарк өзгөчө эмоция тартуулады. Аны окурмандар менен бөлүшөйүн деп чечтим.

ЖОГОЛУП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ
Биздин Кыргызстандагы жалгыз зоопарк Каракол шаарында жайгашкан. Жалпы аймагы 8 гектар болгону менен, 4 гектарынын гана курулуш иштери бүткөн. Мага айрыкча жакканы, зоопарктын жайгашышы болду (долбоорду ким чийсе да азамат деп койдум). Ортодо чоң каналда суу агып, эки жагында жашыл аллеяда жаныбарлар камалган атайы торчолор жайгашкан. Каналдын башындагы көлмөдө эки ак куу сүзүп, анын айланасында эл толо. Бул жерде 30дай түрдөгү 100гө жакын жаныбар бар. Санга токтолгонумдун себеби 90-жылдарда 1 сүлөөсүн, 2 карышкыр, 1 жору гана калганын уккам.
Аталган мекеме 1987-жылы Каракол шаарында ачылган. Мурунку муундун айтымында, башка өлкөлөрдөн алынып келген жаныбарлар (акырадан баштап арстан, илбирске чейин) шаарды көрккө бөлөп, зоопаркка келгендердин аягы тыйылчу эмес дешет. Капшабы калың элге тийген союздун кулашы зоопаркка дагы өз залакасын тийгизип, 2001-жылы таптакыр жаап салуу маселеси коюлат. Шаардык бийлик айласы кеткенде Германиянын “Жапайы жаныбарларды коргоо” долбооруна кайрылып, алардан зоопаркты сактап калууну суранышат. Долбоордун башында турган немис улутундагы Торстер Хардер зоопаркты кайра жандандыруу ишин колго алган.

РЕЗИДЕНЦИЯДАН КЕЛИП, ЗООПАРКТЫН "ТУРГУНДАРЫНА" АЙЛАНГАНДАР
Башында айтып кеткен бирин-экин жаныбарлар кантип көбөйүштү? Көрсө, зоопаркка карапайым адамдардын жардамы көп экен. Алар жарадар болуп калган же энесинен ажырап, адашып калган айбанаттарды "Жапайы жаныбарларды коргоо" коомуна өткөрүп беришчү. Мисалы, аюунун бири апасынан адашып калып, аны малчылар таап алып, бул жакка алып келип өткөрүшүптүр. Бугу болсо, Нарын корукчуларынын колуна түшүп, кийинки тагдыры зоопаркка байланган экен. Ал эми зоопарк бир топко байыган учуру экс-ажо өлкөдөн качкан мезгилге туш келиптир. Эл президенттин резиденциясына кирген учурда анын жеке зоопаркы митингчилердин колуна түшөт. Кыжырланган элдин ичинен бирөөсү “дароо зоопаркка өткөрөлү” деген сунушту айтыптыр.
– Бизге телефон чалып, “жаныбарларды алып кеткиле” деп калышты. 2 ак куу, 1 төө куш, 1 дикобраз, тоос куштар, айтор, бир топ жаныбарларды ошол жактан алып келип, байып эле жатып калдык,- дейт зоопарктын директору Салтанат Саитова.

АКБАРА, АКЖОЛТОЙ, КАНЫБЕКТЕР
Асан, Каныбек, Акбара, Акжолтой... Жаныбарлардын дээрлик баары адамдардын атынан коюлганы мени таң калтырды. Мисалы, Нарындан келген бугунун ысымы Каныбек. Бирок Каныбектин түгөйү жок болгондуктан, жакынкы аралыкта корукка алып барып тукум алуу маселеси күн тартибинде экен. Ал эми эже-сиңди ламалар тукум берүүгө жашы жеткен менен, эркек ламасы али жаш экен. Негизи эле тукум алуу – зоопарктын курч маселеси. Бул үчүн башка зоопарктар менен кызматташуу жүргүзүлүшү керек. Анда да породасы туура келбесе, тукум болбой калышы мүмкүн дейт. Зоопаркта бүтүндөй үй-бүлө болуп жашаган бир гана карышкырлар экен. Сүйкүмдүү 4 бөлтүрүгүн кызганган энеси улам бирин желкеден алып, таштан жасалган үңкүрүнө киргизүү менен убара. Акжолтой деп аталган аюунун жоругу да өзүнчө кызык. Алар сууга түшүп туруусу үчүн өзүнчө ванна коюлган. Ваннага түшкөн аюулар бири-бирин жуунтуп элге өзүнчө шоу көрсөтүп жатышты. Салтанат айымды ушул жерден кепке тарттым.

– Зоопарктын "тургундарын" кыргызча ысым менен атаганыңар жакты...
– Бул аюунун аты Акжолтой. Атаганга оңой болушу үчүн кыргызча коём.

– Буларды кантип багасыздар? Кимиси канча өлчөмдө тамак жейт?
– Мисалы, карышкырлар күнүнө 3 килограмм эт жешет. Касапканага барып эт алып келебиз же малчылар өлүп калган малдарын бизге алып келишет. Болгону, өпкө-боорлорун бербейбиз. Андан оору жугуп калышы мүмкүн. Аюуларга алма беребиз. Күзүндө тоют камдап алабыз, как алып кышкысын аюуларга ботко, компот жасап беребиз. Жапайы жылкы, лама, төөлөргө чөп, жем, айтор, ар биринин өзүнүн тамактары бар.

– Өзүңүз дарылайсызбы?
– Витаминдерди кимисине канча бериш керек экендигин мен жазып берем, баккан адамдар берип коюшат. Карантин деп коёбуз, ооруп калгандарын башкаларга жукпашы үчүн башка капаска бөлөбүз. Зоопаркты кеңейтүү үчүн азыр чуркап жүрөм. Ийгиликтерибизди ишке ашканда гана айтпасак, азырынча ушундай жаңылыктар.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
nasi
2012-05-22 12:06:14
канча сом болдукен мен барайын дедимле да
0
Kyrgyz_jigit
2012-05-27 18:30:48
nasi, 15-20 сом.. так эсимде жок
0
akylai1992
2012-05-24 17:43:36
укмуш
0
missnelya
2012-05-25 22:52:16
Суперчилер эгер колдон келсе Кыргызстанды кантип арзан кыдырып чыкса болот деген макала деле жазып койбойсунарбы,балким студенттерге кереги тиер,жай деле башталды,тунку клубдарга акча коротпой эл-жер коруп эс алган жакшы го.Рахмат, иштеринерге ийгилик.
0
missnelya
2012-05-25 22:55:11
ии унутуп калыптырмын,эгер Ысык-Кол жонундо жазып калсанар жанагы параходдор бар го,ошолор жонундо да маалымат берип коюнуздарды суранабыз.Рахмат.
0
Kyrgyz_jigit
2012-05-27 18:34:09
Ооба чын айтсам бул зоопарк өзүн актабайт, киши аз кирет, неистерге дагы рахмат, жалгыз зоопаркыбыздан айрылмакпыз алар жок болсо.. Эсимде 8-9жыл мурун зоопарк көгүчкөндордү кабыл алчу 5сомдон.. жаныбарларды бакканга
0
Mirem
2012-06-01 18:40:52
зоопаркка кируу билети 25сом
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан