АЛИППЕ КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

Балдар, силер билесиңерби, “алиппе” – араб алфавитинин “алиф” жана “бэ” деген алгачкы эки тамгаларынан турган сөз. Мектептерде кичине балдардын сабатын жоюуга жана жазууга үйрөтүүчү биринчи китеп.
Алгачкы кыргыз алиппеси мындан 101 жыл мурун чыккан. Ага чейин кыргыз эли ташка жазылган жазууну, араб жана латын алфавитин колдонуп келишкен. 17-18-кылымдарда Нурмолдо аттуу окутуучу балдарды араб жазуусуна үйрөтө баштаган. Андан кийин Абдаш Молдо менен тарыхчы, окумуштуу Белек Солтоноев дептер түрүндө китеп жазышып, ошону менен үйрөтө башташкан.
Алгачкы алиппе китеби “Алифба йаки төте окуу" деген аталышта жарык көргөн. Китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишеналы Арабай уулу Уфада (Башкортостан) окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте чыгарган. Бул китеп кыргыз-казак тилинде араб жазмасында 1911-жылы 15-февралда “Шарк” басмаканасында басылып чыккан. Ал эми азыркы алиппенин алгачкы автору катары педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевди билебиз.
Алиппе – тамга таанытуу менен бирге дүйнө таанытууга жардам берген китеп. Китеп билимдин булагы, илимдин чырагы экенин унутпайлы.

Чолпон Сүйүнбаева,
Мальвина Уметбекова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан