Баарыбыз көптөн күткөн “Мен бийчи” аттуу эл аралык фестиваль чындыгында эле болуп өттү. Ар бирибиз көчөдө илинип турган афишалардан чет жерлик жылдыздарды көргөндө “булар чын эле келеби?” деп күтүп жаттык эле. Уюштуруучу Атай Өмүрзаков сөзүнө туруп, айтканын аткарды. Концерт жогорку деңгээлде өтүп, элдин купулуна толду.
Мындай масштабдагы концерттин бир аз баш аламандык менен өткөнү кадимки көрүнүш. Чычкан жорголоп өткүс болуп тизилген эл милиция кызматкерлерин билеттерди текшерткенге да үлгүртпөстөн, көк букача челип кирип жатышты. Мына ушундай чыдамсыздык менен шашылган маанайда кече башталды.
Эл "Спартак" стадионуна жык-жыйма эмес, куюлуп, ашып калганча чогулду. Кирбей калгандары "Спартактын" Чүй тарабындагы дубалынан орун алышты. Аларды улам кубалап жатып милиция кызматкерлери ой да тажады бейм...
АЛГАЧ...
Сахнаны Атай өзүнүн "фирменный" бийи менен ачты. Алпаруучулук милдетти кыргыз тилинде шоумен Бакыт Байсариев, орус тилинде телеалпаруучу Максим Полетаев аркалады. Андан сырткары бий жарышынын алпаруучулары MC Zu (Казакстан) жана MC Scream (Украина) болсо, ди-джейлик пультта украиналык ди-джей Vog турду.
Аз гана убакыттын ичинде элдин сыймыгына айланган Атай Өмүрзаков бийлеп бүткөндөн кийин бет кабын чечип, элди таң калтырган билдирүү жасады. Ал мындан ары бийлебей, сахнаны таштай тургандыгын айтты.
ФЕСТИВАЛДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫ
Фестивалдын башында бийчилер поппинг, локинг, хип-хоп, брейк, шоу агымдары боюнча ат салышышты. Ал эми таланттарды таразалоо милдети чет жерден келген бий тармагынын чеберлерине берилди. Тактап айтсак, Legend (АКШ), Hozin, Fleta (Корея), Jay (Кытай), Salah, "Les Twins" (Франция), Alcolil (Орусия). Жөн гана калыс болбостон, жогоруда кеп кылган коноктор өздөрүнүн бийин да көрсөтүштү. Ал эми Атай бийлеп чыкканда коноктор да көңүл коюу менен дем тартпай карап отурушканы кубандырды.
СЫЙЛЫКТАР ЖАНА СЫЙЛАНГАНДАР
Шоу (негизги наам) – "We`ll Be" (Кыргызстан) – 5000 $
Брейк – "Kill The Beat" (Казакстан) – 3000 $
Поппинг – Алияр (Кыргызстан) – 1000 $
Локинг – Gold (Кытай) – 1000 $
Хип-хоп – Рекрут (Казакстан) – 1000 $
V.I.P. орундарда: Элдар Айтматов жакында эле үйлөнгөн жубайы менен, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Төрөгул Беков, Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкулов, премьер-министрдин маданият боюнча кеңешчиси Султан Раевдер болушту.
Биздин ырчылардан: Каныкей, Омар, Арсен, Айбек, Нэна, "Non-Stop" дуэти сахнага чыгышты.
Толкундап турган эл "Les Twins" бий тобу чыкканда бир жарылды дейсиң! "No Mercy" тобунун ырчысы Марти болсо, кыйкырык-сүрөөндөн өрөпкүп жеке концертин берип сала жаздады. Чынында, бали демекпиз, чекесинен тер чылпылдап жатса да жандуу үн менен элдин жарпын жазды.
Оо, "Morandi" тобунун ырчысы Андрей Ропчанын чыгышы өзгөчө болду. Сахнаны көздөй жулкунган жаштар ырчыны "жутуп" жибере жаздады.
Атайдын айткандарынын 99 пайызы орундалды. Болгону, келет деген Адам Севани, "Morandi" тобунан Мариус Мога, "No Мercy" тобунан Ариэл жана Габриэл Эрнандездер келгенде туура 100 пайыз болмок экен. Дагы айта кетчү нерсе, чет жерден келген коноктор жандуу үн менен ырдап жатса, өзүбүздүн жылдыздар фонограмманын кызматынан пайдаланышты.
«LES TWINS»
Кыргызстандык бийчилер тууралуу: "Силерде таланттуу балдар көп тура, жакшы да кыймылдашат экен. Ошентсе да, бийдин техникасын жакшылап өздөштүрүүлөрү керек. Ушул бойдон туруп калбай көп аракет кылышса, ийгиликке жетишишет".
SALAH Аты-жөнү – Салах Бенлемкавансса
Бийчилерге кеңеш: "Эң алгач өзүңөргө ишенгиле. Жаңы кадам жасап жатканда эч качан тегерегиңдегилерди ойлоп коркуунун кереги жок".
«MORANDI» АНДРЕЙ РОПЧА
«NO MERCY» МАРТИ СИНТРОН
Марти Синтрон Кыргызстан тууралуу: "Мага бул аймак абдан жагат. Буга чейин Казакстанда 5-6 ирет болсом, Кыргызстанга үчүнчү ирет келип отурам. Акыркы жолу 21-апрелде бир ишкер адам үйлөнүү тойго чакырып келген элем. Кыргызстандын биринчи кезекте абасы, анан маданияты, элинин музыканы сүйгөндүгү жагат. Ашканасы менен да тааныштым. АКШда жок болгон жылкынын этинен бешбармак жедим, аябай жакты".
– Топтун башка өкүлдөрү эмне үчүн келбей калышты?
– Ариэл менен Габриэл ден соолуктарына байланыштуу келе албай калышты. – Атай жана анын чыгармачылыгы менен таанышсызбы? Бетме-бет көрүштүңүз беле?
– Телевизордон көргөм. Бет келип таанышпасам да, чыгармачылыгы менен таанышмын. Абдан жагат.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Апам Нью-Йоркто, атам Атлантада жашайт. Өзүмдүн бир уулум бар. Ал чыгармачылыкка жакын эмес. Компьютерге көп кызыгат.
– Кыргызстанга жеке концерт берип келип калышыңыз мүмкүнбү?
– Балким. Азыр жаңы ырларды жаздырып жатабыз. Келечекте гастролдоп келип калышыбыз мүмкүн.
– Жашоодо кандай адамсыз?
– Жөнөкөй эле адаммын.
– Жашоодо өкүнгөнүңүз жана сүйүнгөнүңүз...
– Өкүнбөгөнгө аракет кылам. Капалансам ыр жазам.
Бахияна Сатылганова,
Перизат Музуратбекова
star@super.kg