EURO 2012: УКРАИНА

УКРАИНА

Ассоциациясы түзүлгөн жыл – 1992-жыл.
Лакап аты – «Сары-көк түстүүлөр».
Башкы машыктыруучусу – Олег Блохин.
Капитаны – Андрей Шевченко.
Мыкты бомбардир – Рекордчу: Андрей Шевченко (46).
Эң көп оюн өткөргөн оюнчусу – Рекордчу: Анатолий Тимощук (113, «Бавария», Германия ).
Эң ири жеңиши – 6:0 эсебинде Азербайжанды (2006-жыл, 15-август).
Эң ири жеңилүүсү – 4:0 эсебинде Испаниядан (2006-жыл, 14-июнь).
ФИФАнын рейтингинде 49-орунда турат.

СОВЕТ ДООРУ МЕНЕН КОШО КУЛАГАН
Совет доорунда жашагандар тамашалагандай, анда СССРдин эт-сүт планын кыргыздар толтурса, футболдук план украиналыктарга жүктөлгөн эле. Өзгөчө 1975-жылдары Валерий Лобановский СССР менен киевдик «Динамону» машыктырып турганда улуттук курамдын 90 пайызын украиндер түзгөн. СССР кыйраганда украиналык клубдарда ойногон Виктор Онопко, Сергей Юран, Олег Саленколордун Украинанын жарандыгын алуудан баш тартышы аталган өлкөнү чоң жоготууга апкелет. Украина рейтингде да артка жылып кеткенде Лобановский кайра «Динамого» келип, улуттук курамга керектүү Шевченко, Ребров сыяктуу таланттарды таптады. Алар 2006-жылы команданы биринчи ирет Германияда өткөн мундиалга алып чыгышты. Анда чейрек финалга жеткени – азырынча эң ири жеңиши. Команданын оюн стили – чабуулдук футбол. Анан да бурчтан чыгаруу, айып соккуларын аткаруу жагынан КМШ өлкөлөрүнөн алдыда.

ТУШООСУ ИЙГИЛИКТҮҮ КЕСИЛЕБИ?
Үй ээси болгон Украина мелдешке тандап алуу оюндарысыз катышат. Ал Европа биринчилигинде тушоосун кесип жаткан жалгыз команда. Антсе да даярдыгы жаман эмес. Башкы машыктыруучу Олег Блохин «ЕВРО-2012ге» катышчу курамды жарыялоо алдында начар оюндары үчүн эл күткөн 7 оюнчуну борт тышында калтырды. Алардын ичинде соңку мезгилдерде украиналык футболдун жүзү болгон Артём Милевский менен Андрей Воронин да бар.
Блохин: «Курам тууралуу отчёт бербейм. Негизи, мыкты деңгээлдеги футболчуларды Украинанын Лигасынан чанда көрүүгө болот»,- дейт. Ал тажрыйбага ишеним артат. Анын германиялык «Бавариянын» жарым коргоочусу Анатолий Тимощук менен украиналык «Динамонун» чабуулчусу Андрей Шевченкону курамга алганы жөн жерден эмес. Андан тышкары соңку мезгилде «жарылып чыккан» Александр Алиев да анын ишенимдүү оюнчуларынан. Эмне дейбиз, Украина өз үйүндө дубалдардын колдоосу менен ийгиликке жетүүгө тырышат. Ийгилик каалайбыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arziev.n
2012-05-24 19:59:09
Кыргыздар да качан ушул таблого тушот экен ???
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан