Футбол мырзалардын гана кызыгуусун жараткан спорт түрү катары бааланса да, эркектерден кем калышпай ойноп келген ырчы Айперидей кыздарыбыз бар. Ал “Супер-Инфо” гезити уюштурган футболго активдүү катышып келет. Суперфутболдун алдында «Ырчылардын» «чабуулчусу» Айпериге «чабуул жасадык».
– Салам, Айпери, гезитибиздин 10 жылдык мааракесине арналган футболдук мелдешке даярдыктар кандай?
– Жакшы эле. Азыр көп чуркап, топту туура тепкенди үйрөнүүдөбүз. Машыгуулар көбүнчө кечки саат ондордо болуп жаткандыктан, баарына толук катыша албай жатам. Убакыт болгондо үйдөгүлөрдүн уруксаты менен бара коём. Ал эми мырзалар калтырбай барышууда.
– Быйыл апаң футбол ойнооңо каршы чыгып, анан Назым байке (Мендебаиров) көндүргөнүн уккан жайыбыз бар...
– Ооба. Жакында таятам каза болгондуктан, апам көп нерселерден чектеп койгон. Экинчиден, «чоңоюп эле калдың, уялбайсыңбы, өзүң кыз киши болсоң...» дейт. Анан Назым агайга айткам, «апамдан уруксат алып бериңизчи» деп. Ошентип, «Актёрлор» командасы менен ойномой болуп калдым. Кийин Урмат Усенов телефон чалып, «2 жылдан бери бизде ойноп келе жатасың, биздин курамга кошулушуң керек» деп калды. Назым агайга «макул» деп алып, кайра тигилерге эмне дээримди билбей бир топ чайналдым. Эми «Ырчыларга» кошулуп ойнойм.
– Суперфутболдо жеке өзүң кайсы команда менен таймашууну каалайт элең?
– Майданда «Жогорку Кеңеш» командасы менен беттешүү кызыгуу жаратууда. Ошондой эле «Тамашоунун» балдары менен ойноону каалайт элем.
– Футболго болгон кызыгууң күч окшойт. Кайсы командага күйөрмандык кыласың?
– Мадриддик «Реалдын» күйөрманымын.
– Спорт менен мамилең кандай? Футбол менен качантан бери таанышсың?
– Спорт дүйнөсүнүн босогосун 4-классымда жеңил атлетика менен аттагам. Кийин Татарбек деген машыктыруучум мени футболго да киргизип койду. Башында балдар менен кошулуп алып эле ойночумун. Анда-санда топ менен бетке жеп дегендей... Кийин футбол ойногон дос кыздарым пайда болушту. Алар азыр өлкөдөгү футболдук клубдардын биринде ойношот. Ошол учурда мага деле Кыргызстандын атынан ойноо сунушу түшкөн. Ал сунушту эмнеге кабыл албаганыма азыр таң калам. Ал кезде бийге да барчумун. Анан окууну калтырбайын дедим окшойт.
– Эми чыгармачылыгыңдан кеп козгосок, кандай жаңылыктарың бар?
– Азыр сессия башталып калды. Анын үстүнө Каржы министрлигинде стажировкада жүргөндүктөн, көп сабактарды өткөрүп жибердим. Ошол сабактарды тапшырып эле жүрөм. «Келиндер козголоңу» аттуу концертте эң жаш ойсоке келиндин ролун жаратпадым беле, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыгым ушул эле.
– Келин демекчи, ойсоке келиндин ролу деле бекеринен бериле бербейт. Кийин ошондой келин болсоң керек...
– Ошол концертте кесиптештериме айтып жатпаймынбы, эгер менин келиним ушул мен жараткан образдай болсо, кубалап чыгам деп.
– Түштүктө гастролдоп жүрүп «тамашоучулардын» бири менен «любовь-морковь» болуп кетиптирсиң го?
– Негизи, «тамашоучу» балдар менен мамилем жакын. Алар менен дос катары кучакташып-түртүшүп, тамашалашып жүргөнүмдү бери жактан байкагандар сүйүү менен алмаштырып алышкан болуш керек.
– Жакында «бир жигит менен сүйлөшүп жатам» дедиң эле. Мамиле тойго жакындай элекпи?
– Жигитим бар, турмушка чыгууга деле даярмын. Дипломду колго алайын деп жатам. Ал деле «кел, той кылып жиберели» дейт, бирок бир нерсе кармап жатат.
– Балким, сен ага жөн гана көнүп калгансың... Сезимдериңди талдап көрдүң беле?
– Албетте, сезимдерди талдап көргөм. Бул сезимим сүйүүбү же жөн гана көнүп калуубу, өзүм да түшүнүп жете элекмин.
– Мамилеңер тойго бышып жетилсин, бар бол!
Бахияна Сатылганова
sport@super.kg