МИЛЛИОНДОР ҮЧҮН СЕКЬЮРИТИ ЖЕ ИНКАССАТОРЛОР

Имараттардын же банктардын жанынан курал-жарак асынган кең далылуу жигиттердин мүшөктөрдү шашылыш машинага салып жаткандарын көрүүгө болот. Ооба, алар – акча жана башка баалуу документтерди коргоп, керектүү жерге жеткирген инкассаторлор.

ИНКАССАТОР ДЕГЕН КИМ?
Инкассатор – компаниялардан жана дүкөндөрдөн акчаны, документтерди алып, аны банкка же банктан тиешелүү дарекке жеткирүүчү адам. Ал “incassare” деген итальян сөзүнөн алынып, бизче которгондо “кутуга салуу” деген маанини түшүндүрөт. Өткөн кылымдарда соодагерлер кербен менен узак жолго чыкканда орто жолдон каракчылар тоноп кетпеш үчүн курал-жарактуу, алдуу-күчтүү, эр жүрөк жигиттерди сакчы кылып алышкан. Сандыкка салынган алтын тыйындарды кайтарып, керектүү жерге жеткирген сакчылар – азыркы инкассаторлордун “бабасы” десек болчудай.
Тарыхына токтолсок, бизге бул кесип СССР аркылуу келген. 1939-жылы СССРдин Улуттук банкында инкассация кызматы түзүлгөн. Кыргызстанда инкассация кызматы 1991-жылдан тарта СССРдин Улуттук банкынан бөлүнүп, Кыргызстан Улуттук банкынын алдында өз алдынча бөлүм пайда болгон. 1998-жылдан тарта Улуттук банктын алдындагы Улуттук инкассация башкармалыгы деп аталып келет. Кээ бир банктар инкассаторду өздөрүнүн талабына ылайык тандап, жумушка алышат.

ЧЫНЫГЫ МЫРЗАЛАРДЫН КЕСИБИ
Инкассаторлук кесип опурталдуу жана жооп­керчиликтүү. Ар дайым эрежеге, мыйзамга болгон тактыкты, физикалык жана моралдык жактан даярдыкты, чыдамкайлыкты талап кылат. Алар аба ырайынын ысык-суугуна, күн-түнгө карабай иштешет. Оор мүшөктөрдү (майда тыйындардан тарта куюлган алтындарды, таңгакталган оор акчаларды) ташыгандары аз келгенсип, дайыма салмагы 3-4 килограммга жеткен бронежилет тагынып, оор курал-жаракты колдорунан түшүрбөөсү зарыл. Брондолгон машина жайкысын аба жетпей, 40 градус даражага чейин ысып чыгат (Албетте кондиционер бар деңизчи, бирок ошондо деле). Ал эми терезени, эшикти ачып отурууга инкассаторлордун укугу жок. Мындан тышкары ар бир кызматкер жетекчилиги тарабынан катуу кайтарууда, көзөмөл алдында жүрөт. Себеби акча болгон жерде кайсы убак болбосун арам ой жаралышы мүмкүн. Мына ушунун баарына чыдап иштөөгө эмне деген эрк керек?! Кыскасын айтканда, бул кесип – чыныгы мырзалардын кесиби.

МИЛДЕТТЕРИ
Инкассаторлордун өмү­рү кылдын учунда десек да болот. Себеби аларга күтүлбөгөн жерден эле кол салынышы толук ыктымал. Ошондуктан ар дайым эрежени бузбай, өз милдеттерин так аткарууга тийиш. Маалыматтарга таянсак, инкассаторлорго кол салуунун 80 пайызы автоунаа менен банктын ортосундагы аралыкта болот. Ошондуктан брондолгон унаа ар дайым имаратка болушунча жакын токтоого аракет кылат. Алгач инкассатор унаадан түшүп, айланага көз жүгүртөт. Бардыгы жайында экенин билгенден кийин гана ичиндегилерге белги берет. Инкассаторлор имараттан кайра чыкканча айдоочу эч жакка кетпей, эки жакты кылдаттык менен карап, дароо от алдырып айдап кетүүгө даяр турушу керек. Инкассаторго жумуш убагында “тышкы дүйнө” менен байланышууга тыюу салынган. Жадакалса милиция кызматкерлери менен сүйлөшүү үчүн да атайын кесиптик шарт түзүлсө гана уруксат берилет.

БАШКЫ ТАЛАП – ТАЗА ТАРЖЫМАЛ
Жаш, армияда кызмат өтөгөн, кара күч жана моралдык жана психикалык жактан даярдыгы мыкты, мурда мыйзамга каршы иштерди жасабаган, курал-жарак колдонууга уруксаты бар же мурун коопсуздук кызматтарында иштеген адам гана инкассатор болууга мүмкүнчүлүгү бар. Жумушка жаңы орношкондор сөзсүз түрдө сыноодон, аскердик жана кызматтык даярдыктан өтөт. Тагыраак айтканда, инкассациялык эрежелерди туура сактоону, курал-жаракты туура колдоно билүүнү, кесиптик милдеттерди үйрөнөт. Бул кесип чыныгы адамдык сапаттарды талап кылат. Биринчи кезекте чынчыл, ишеничтүү, тыкан жана жоопкерчиликтүү адам гана бул тармакта иштей алат. Себеби инкассация кызматкерлери жалаң гана баалуу кагаздар, документтер менен иштебестен, жашыруун маалыматтарды да ташышат.

МАШИНАСЫ
Албетте, инкассаторлордун машинасы брондолгон болот. Эгерде кол салуу болуп кетсе, брондолгон машина инкассаторлорду коргой алат. Тапанчанын, автоматтын огу брондолгон машинанын темир тосмолорун, терезелерин тешип өтө албайт. Ал эми инкассаторлор машинанын бардык тула боюнан жооп катары ок чыгара алышат. Анткени машинада атайын атууга ылайыкталып, сырт жагынан ок өтпөс металл менен капталган капкактуу тешиктер бар. Мындай учурда 20 миллиметр болгон тешик жана өзгөчө күзгү окту туура багыттоого жардам берет.

“ФИЗИКАЛЫК ЖАКТАН ДАЯРДЫГЫ ЖАКШЫ КАДРЛАРДЫ АЛАБЫЗ”
Бул кесип тууралуу маалымат алуу үчүн “Юникредит” банкынын инкассация бөлүмүнүн жетекчиси Владислав Чаловго бир нече суроо менен кайрылдык:

– Владислав, канча убакыттан бери инкассатор болуп иштейсиз, кантип бул кесипти тандап калдыңыз эле?
– 1999-жылы банкка коопсуздук боюнча адис катары жумушка орношком. Ал убакта атайын инкассация деген бөлүм жок болчу, инкассатордук жумуштар коопсуздук кызматынын милдетине кирчү. 2005-жылдан бери инкассация бөлүмүн жетектеп келем.

– Инкассатор болуп иштегиси келген адам кандай талаптарга жооп бериши керек? Жогорку билим зарылбы?
– Биз, эң башкысы, физикалык жактан даярдыгы жакшы кадрларды алабыз. Мындан тышкары курал колдонууга уруксаты бар жана укук коргоо тармагында кеминде 1 жылдан ашуун убакыт иштеген, тажрыйбасы бар адам гана кызматка алынат. Ал эми билими болсо, орто кесиптик окуу жайларды аяктаган же жогорку билимдүү болушу керек.

– Кандай даярдыктардан өтүп турасыздар?
– Ай сайын кызматкерлер курал атуу боюнча текшерүүдөн өтүшөт жана спорттук машыгууларды күн сайын жасап турушат.

– Айлык акыңыздар канча?
– Жетиштүү эле.

– Аял кишилер да иштейби?
– Негизи, мыйзамда “аял кишилер иштегенге болбойт” деген тыюу салуу жок. Бирок бул кесип оор болгондуктан, биздин өлкөдө аялзаты инкассатор болуп иштегенин көрө элекмин. Дүйнөдө деле жок болсо керек.

– Кыргызстанда инкассаторлорду тоногон учурлар болду беле?
– Тилекке каршы, биздин өлкөдө да банктарды, инкассаторлорду тоноо фактылары көп ирет катталган. Мисалы, бир банкты өзүнүн эле кызматкерлери тоноп кетишкен. Кудай сактасын, биздин банкта андай болгон эмес. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде биз банкоматтардагы акчаларды чогултуп жүрдүк. Эл болсо толтура. Ошондо жаалданган эл бизге кол салышы мүмкүн деп коркуу, чочулоо сезими пайда болгон.

– Эгерде машинанын мигалкасын жандырып көчөдө бара жатканда МАИ кызматкерлери тоссо, токтойсуздарбы?
– Негизи, жол эрежесин бузсак, МАИ бизди токтотконго укуктуу. Бирок акча салып бара жатат дейби, айтор, тосушпайт.

– Бул кесипте карьералык өсүш барбы?
– Жөнөкөй күзөтчүлүктөн бөлүм жетекчилигине чейин өссөң болот. Ал үчүн адам кесиптештеринин ишенимине кирип, өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтө алыш керек.

“Ар бир кесиптин өзүнчө кыйынчылыгы болот” демекчи, бул кесиптин да оңой эмес жактары көп экенине ынандык. Өз өмүрүн тобокелге салып үй-бүлөсүн баккан жигиттерге “азаматтар” дегенден башка сөз жарашпачудай.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Миллиондор үчүн секьюрити же инкассаторлор
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Gul90
2012-05-24 14:31:59
ооо азаматтар булар озун кана эмес элин да коргой алат!
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан