Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты: «МЕКТЕПТИН ДИРЕКТОРУ БОЛСОМ ДА, ВЕЛОСИПЕД ТЭЭП КЕЛЧҮМҮН»

«ТЕЛЕФОНДУН ҮНҮ БАСЫЛБАЙТ»
"Менде бош убакыт жок, эртеден кечке жумуш" деген депутаттардын бири – Асия айым. Ошондуктан өзүн үйдөгү иштерди катыра аткарган идеалдуу аялмын деп эсептебейт. Канчалык үйүнө көбүрөөк убакыт бөлөйүн десе да, баары бир иштин көптүгү мүмкүнчүлүк бербей турганын айтат.
"Депутаттык жумуш татаал. Жумуш пленардык жыйын, комитет, фракциялардын отуруму менен эле бүтпөйт. Көптөгөн жарандык кайрылуулар болот. Алыс-жакындан ондогон адамдар келип арыз-армандарын айтышат. Эртеден кечке чейин телефондун үнү басылбайт".

«ТҮШКӨ МААНИ БЕРЕМ»
Айрымдар өңдүү майда-барат иштерге маани берип, ашынган ырымчыл эмес. Бирок таптакыр эле ырымга ишенбей да коё албайт. Мисалы, уул үйлөнтүп, кыз узатуу жөрөлгөсүндөгү ырым-жырымдарды колдонууга "макул" деп добуш бермек.
"Ата-бабалардан бизге жеткен ырым-жырымдарды кандайдыр бир деңгээлде колдойм жана өзүм да колдоном. Алардын айрымдары мен үчүн маанилүү. Мисалы, түшкө туугандарыбыз же ата-энебиз кирген болсо, эртеси күнү боорсок жасап, майга нан бышырып, куран окуп коймой салтыбыз бар үйдө. Түшкө маани берем".

«СЫР САКТАЙ АЛБАЙМ»
Ичине сыр катып, санаачыл боло берүү деген нерсе – бул айымга жат көрүнүш. "Канчалык жан дүйнөңдү ачпай жаап-жашыра берсең, көтөргөн жүгүң ошончолук оорлошо берет. Муну турмуштан деле көрүп жүрөбүз го акыры.
Эч кимге айта албай коркуп, ичиме сактап жүргөн сырым деле жок. Ачык кишимин, айтчу нерсени жаап-жашырбай эле жакын адамдарыма айта берем. Биринчиден, жеңилдейсиң. Экинчиден, көйгөйүңдү айтсаң, жоро-жолдоштор жардамга келишет. Менимче, түнт, сыр сактаган адамдан көрө ачык-айрым эле киши жакшы".

«МЕНДЕ ДА БАР АЛСЫЗДЫК»
Адам алсыз болгон сайын анын түйшүгү арта бериши мүмкүн. Андыктан алдына максат коюп, ошого умтулган адам үчүн алсыздык сапат – душман экенин айтат эл өкүлү. Бирок мындай сапат өзүндө да бар экенин моюнга алат.
"Менин алсыздыгым – бирөө орой сөз айтса, эмне деп жооп береримди билбей калганым. Кээде булардын деңгээлине түшпөйүн деп атайылап эле жооп бергим келбесе, кээде өзүнө жараша жооп бергенге ылайыктуу сөз айта албай калам".

ЭНЕ, ЧОҢ ЭНЕ, КАЙНЕНЕ...
Эки уул, эки небереси бар. Неберелерине Жантай жана Дарика деген ысымдарды өзү ыйгарган. Ал эми кайненелик орду тууралуу:
"Менимче, жакшы эле кайнене болушум керек. Келиниме эч качан жаман мамиле жасап, жаман сөз сүйлөбөйм. Анын жасаган ишин сынга албайм. Эмне жумуш аткарса да макул деп, керектүү учурда жардамымды берем",- дейт.

«ВЕЛОСИПЕД ТЕППЕЙ КАЛГАНЫМА АЗ ЭЛЕ БОЛДУ»
Жаш кезин эстеп, дүкөндөрдө азыркыдай түрдүү кийим-кечек жок болгондуктан, модалуу кийинем деп айрым кийимдерин өзү тиккенин айтып жылмайып алды. Узчулук жөндөмү жакшы экенин кошумчалады. Ошондой эле...
"Кичинемден эле велосипедди жакшы тепчүмүн. Велосипед теппей калганыма көп болсо 10 жылдай болду. 47-мектепте директор болуп турганымда мектепке велосипед минип келип калсам, окуучулар аябай таң кала карашып, бир чети сүйүнүшөр эле".

«ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 25 ЖЫЛ ЖАШАДЫК»
Өмүрлүк жолдошу жөнүндө айтып берип жатканда маанайы олуттуу тартып, ал күндөр алыста калса да, үнүнөн өкүнүчтүн илеби байкалып турду.
"Жолдошум менен баш кошкондо экөөбүз тең 22 жашта болчубуз. Азыр эстесем, жапжаш жигит-кыз экенбиз. Ата-энебиз менен бирге турчубуз, азап-тозок тартып начар жашадык, турмушубуз оор болду деп айта албайм. Ал кезде экөөбүздүн тең дипломубуз бар эле. Үйлөнүп, бир жылдан кийин Ленинградга кеттик. Жолдошум окуду, мен китепканада иштедим. Баш-аягы 3 жыл жашап, Кыргызстанга кайтып келгенбиз. Экөөбүз 25 жыл гана бирге жашадык. Жүрөк дартынан улам каза болуп калды. Орус мүнөз, илимге берилген адам болчу. Бир гана кемчилиги, кагаз иштери менен баш көтөрбөй иштеп, көпчүлүккө аралашып иштей алчу эмес".

«БАЛА ҮЧҮН АТАНЫН ОРДУ БАШКА»
Жалгыз бой бала тарбиялап, уул үйлөнтүп, кыз берүү эмне экенин башынан өткөргөн аял гана билет. Жакын адамынан айрылганда депутат айымдын асманы түшүп мүңкүрөп калбаганы менен, анын орду жакшы эле билингенин тана албайт.
"Жолдошум каза болгон учурда кичүү уулум 9 жашта эле. Жашоо билинбей өтө берди, материалдык жактан кыйынчылык деле болгон жок. Анткени акчаны жакшы тапчумун. Совет доорунда менин айлыгым министрлердин айлыгынан көп болчу. Англис мектебинде иштеп, кошумча 7 сааттан 14 саатка чейин сабак өтүп, кыскасы, 300 рубль айлык алчумун. Ал кезде министрлер 210-220 рублдай айлык алышар эле. Бирок эркек бала үчүн атанын орду башка экен. Балдардын тарбиясына атанын кеп-кеңеши жетишсиздик кылат".

КЕСИПТЕШТЕРИ ТУУРАЛУУ
"Партиялык тизменин арты менен парламентте капчыгы калыңдар гана "кресло" кучактап калышты" деген сөздөргө депутат айым намыстанбайт, тескерисинче, түптүз кабыл ала турганын айтат.
"Депутаттардын ичинен кимдин ким экени сүйлөгөн сөзүнөн эле көрүнүп турат. Мен кесиптештериме карата жаман сөз айтпай эле коёюн, бирок кээде карап туруп депутаттардын төрттөн биринин деңгээли жакшыраак болсо, көп ишти бүтүрмөкпүз деп ойлоп кетем. Минтип айттым, эртең "ии, сен эмне бизден кыйынсыңбы?" дегендер чыгат. Мен андан коркпойм, анткени бул менин жеке пикирим".

«МЕНИН БИР АДАТЫМ...»
Асия айымдын каткырып күлгөнүн көрүп калсаңыз, таң калыштын кереги жок. Анткени...
"Апам көп айтчу, "каткырып күлбө, кыз бала деген сылык-сыпаа болушу керек" деп. Бирок мен бала кезден эле буга көнө албай койдум. Кээ бир учурда ушундай бир каткырып күлүп алып, кайра өзүм уялып кетем".

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Asus84
2012-05-21 12:32:34
ммм жакшы
0
realliver
2012-05-21 13:37:22
Депутаттардын баары эле убактыбыз жок, жумуш коп дешет. Сессияларда залдын жарымы эптеп толот
0
Kubanychbekkagan
2012-05-21 14:07:06
Асияга эжеге эми чындап эн жакшы деген баа бергим келди. Жеке жашоосунда чогуп калбай алдыга умтулган мыкты айым экен. Алга Асия эже!!!
0
baldyz
2012-05-21 15:55:33
"Роза Отунбаева тээп чыкса, мен да тээп чыга калам", дебейсизбы Асия эжеке.
0
Polat
2012-05-21 16:34:51
Азаматсыз Асия эже!!!
Негизи эле саясатта жургон аялдарды сыйлайм. озгочо Отунбаева жана Сасыкбаеваны эркекче кадамдарга барып коюшат.Аял болгонуна карабастан жигиттик сапаттар бар.
0
Ott
2012-05-21 19:39:29
кыргызча жакшы эле сүйлөйт турбайбы! )
0
Marykey
2012-05-22 11:06:58
Azamatsyz! Alga ejeke!
0
Kroxa
2012-05-23 20:57:24
депутаттардын баарынын эле денгээли сиздикиндей болсо эчак онолот эле кыргызстан......
0
Gul90
2012-05-24 16:21:46
ой булар суйлосо киши ээрип кетет да кызыксынар ишене берген баардынын оозун ушундай бир тогулот булар тренировка кылат болуш керек суйлош боюнча тим эле айрыкча шайлоо болордо баардыгы акылдуу берешен болуп чыга келет буткондон кийим мэ деп колдорун коргозушот
0
Asanyson
2012-05-25 14:59:07
Асия эже мамлекеттик тилди толугураак оздоштуруп алса жакшы болот эле.
0
Taalaibek
2012-05-27 06:35:50
Депутан айым болуш бул ото кыйын. Анан бул айымдын кандай экенин бир "Аллах" билет. Бул айымды жамандап да жакшылап да айтыш кыйын. Эмнеси болсо дагы бир "Аллах" дан корксо болду. "Аллах"дан корксо элин жарытат. Элибизге жараган жакшы депутат айым болсонуз болду.
0
almasha
2012-05-28 08:42:44
Депутат айым жакшы суйлогон, бирок журналист иним бул репортажынды бир аз жандуу кылсан боло. ЗКТ окуганда озуно ишенимдуу суйлоп, дем алганда туура дем алсан эгер жаман корбосон.

0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан