Гезитибиздин 10 жылдык мааракесине арналган футболдук таймашка он күндөн ашпаган убакыт калды. Ал 26-27-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт комплексинде өтөт. Айтмакчы, быйылкы жылы оюнга биринчи жолу саясатчылар да катышат. Алар даярдык көрүп, Жогорку Кеңеш командасынын дарбазачысы "Ата Журттун" лидери, депутат Камчыбек Ташиев болгону жатканын угуп калдык. "Азырынча футбол талаасындагы ролдорубуз такталып жатат. Буюрса, дарбазачы да болуп калышым ыктымал",- дейт Камчыбек мырза.
Атаандаштарга кулак кагыш кылдыбы, эл өкүлү: "Буга чейин түрдүү мелдештерге катышып, көп эле утуп жүрөбүз, биз деген "спортивный" жигиттербиз. Арак ичкен, тамеки тарткандар футболду жакшы ойной алышпайт. Биз активдүү кыймылда жүргөн адамдарбыз",- деп билдирди. "Башкысы, жеңүү эмес, катышуу" деген эрежени саясатчылар карманбайт өңдүү. "Буюрса, катышып эле тим болбой, "Супер-Инфонун" байгесин алсак деп турабыз",- деп депутат көөдөнүндөгү каалоосу менен бөлүштү.