Билим берүү жана илим министри Канат Садыков: “ЖОЖдордун саны кыскартылат”,- деди. Мындай билдирүүлөр жыл сайын абитуриенттердин сезонунда кайталанып турары белгилүү. Бул сапар жогорку окуу жайлардын реформасы реалдуу болорун айтып, бийликтегилер сандан сапатка өтүү үчүн билегин түрө киришти.
КЫРГЫЗ ДИПЛОМУН ЭМИ ЕВРОПА ДА ТААНЫЙТ
Кыргызстанда Cоюз маалында 10го жетпеген жогорку окуу жайы болсо, азыр ЖОЖдордун эле саны 50дөн ашып, алардын 40тай филиалдары бар. Советтик мезгилде университетке тапшырам деп Бишкекке, Ташкентке же Москвага жөнөшсө, бүгүн сапаттан санга түшкөнүн ушундан билиңиз, райондук борборго чейин филиалдар ачылган. Андыктан акыркы учурда Билим берүү министрлиги ЖОЖдорду бир калыпка келтирүүгө киришти. Негизги максат – талапка жооп бербеген окуу жайлардын уруксат кагаздарын алуу менен алардын ишмердигине тыюу салуу.
Биздеги жогорку окуу жайлар үч топко бөлүнөт: мамлекеттик, менчик жана Кыргызстан менен биргелешип түзүлгөн эл аралык университеттер. Мамлекеттик окуу жай десе, «ал жерде пара менен сессия бүтүрүү, диплом сатып алуу оңой» деген ой калктын мээсине сиңип калган. Менчик университеттерди «акча табуунун айласы, бир сөз менен айтканда, «бизнес» деп айтышса, «эл аралык университеттер жакшы кадрларды даярдаганы менен, бүтүрүүчүлөрдүн көбү чет жерге иштеп кетишет» дешет.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, бардык ЖОЖдор быйылкы окуу жылынан баштап Болон системине өтөт. Мындай системге өтүү менен Европа өлкөлөрү кыргыз дипломдорун тааныйт.
ҮЧ ТАЛАПКА ЖООП БЕРҮҮ КЕРЕК
Билим берүү жана илим министрлигинин ЖОЖдорго уруксат кагаздарын берүү боюнча башкы адиси Нурбек Казыевге кайрылып, ал реформа боюнча суроолорго жооп берди:
– Жакында эле бул маселе боюнча комиссия түзүлдү. Кыска мөөнөттүн ичинде эмгек рыногу муктаж болгон адистерди даярдоочу окуу жайларды түзүү боюнча иш алып барып жатабыз.
Эгерде университеттер уруксат кагаздарынан ажырагысы келбесе, төмөнкү башкы үч талапка жооп бериши керек:
«БИР СТУДЕНТ ОКУСА, ЭКӨӨ БЕКЕРПОЗ!»
Албетте, окуу жайларга жаңы өзгөрүүлөрдүн киргизилиши коомдо талкуу жаратпай койбойт. Билим берүү маселелери боюнча талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикирин билүү үчүн кепке тарттык:
– Аскарбек мырза, ЖОЖдордун санын кыскартып, алардын уруксат кагаздарын алып салуу туура жасалып жаткан ишпи?
– Уруксат кагаздарын алып салуу бул – окуу жайларда тартиптин жок экенин билгизет. Азыр бир дагы мамлекеттик ЖОЖ бүтүрүүчүлөрүнө «сен кесибиң менен жумуш таап кетесиң» деген кепилдик бере албайт. Анда окуу жайдын уруксат кагазы менен студенттин дипломунун баркы эмнеде? Билим берүүдөгү стандартты өзгөртүп, ага туура келбеген университеттерди жаап салуу туура эле жасалып жаткан иш. Уруксат кагаздарын алып салуу менен чектелбей, студенттердин билим сапатына дагы көңүл бөлүш керек. Анткени бүгүн үч студенттин бирөөсү гана өз күчү менен билим алса, калган экөө бекерчилик менен алек.
– Көп абитуриенттер кийин иш таап кетемби дебей, кесиптин, окуу жайдын атагына басым жасашат. Кесип тандоодо абитуриенттерге кандай кеңеш бересиз?
– Кезинде Франциянын президенти болуп турган Шарль де Голль: «Көчөдө жүрүп кылмышкерлердин тобун толуктабай, кандай кесип болсо да окуп алган жакшы»,- деп билим берүү тармагында чоң реформа баштаган. Менин айтарым, өз келечегин кымбат деп эсептегендер кийин алган билими менен жан багып кетерин эске алып тандоо кылуулары керек. Популярдуулук бул – куру сөз.
БҮГҮНКҮ КАДР – ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК
Өнүккөн өлкөлөр билим берүү тармагын стратегиялык деңгээлде карап, «бүгүнкү кадрлар – мекендин эртеңки келечеги» деп өзгөчө көңүл бурушат. Андыктан кыргыз өкмөтүнүн «университеттерде сандан сапатка карай реформа баштайм» деп турганы мактоого арзырлык. Бир эле мисал, престиждүү делген экономика багытында 2011-жылы 8050 студент окууну бүтүрсө, алардын 3603үнө гана өз тармагында жумуш табылган.
«Мына-мына Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырам, баланча ЖОЖдо окуйм, түкүнчө кесипти тандайм» деп турган бүтүрүүчүлөрдү жеңил ойлуулукка алдырбай, терең ойлонууга чакырабыз.
2011-2012-жылдары 230 379 абитуриент окууга кабыл алынган. Алар тапшырган окуу түрүнүн эң алдыңкы бешилтиги:
Гуманитардык багыт – 123 786
Экономикалык багыт – 46 729
Техникалык билим – 42 686
Юридикалык багыт – 21 626
Айыл чарба багыты – 2 406
2010-2011-жылдары 37 966 бүтүрүүчү университетти аяктаган. Алардын адистиктери боюнча алдыңкы бешилтик:
Экономикалык багыт – 8 050
Гуманитардык багыт – 7 778
Техникалык билим – 5 859
Юридикалык багыт – 3 604
Айыл чарба багыты – 340
Кыргызстандын эмгек рыногунда жакынкы үч жылдын ичинде суроо-талап күч боло турган кесиптердин тизмеси (Экономикалык тескөө министрлигинин анализи):
Мугалим, мээрман айым, санитар, экономист, кассир, оператор, айдоочу, ашпозчу, официант, автотемир уста, куруучу, электр ширетүүчү, юрист, тигүүчү, темир уста, сантехник, эсепчи.
Айдай Асанбекова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ТАТЫКТУУ ЖАШООГО ЖОЖДУН ДИПЛОМУ ЗАРЫЛБЫ?
Шаршен Солпуев, оператор:
– Ар бир адам кайсы бир кесиптин ээси болуусу зарыл. Биринчи кесиптик окуу жайдан билим алып, анан гана жогорку окуу жайларга тапшырса, мыкты адистер чыгат деп ойлойм. Учурда кээ бир жаштар максатсыз эле окуп жүрүшөт.
Ашыркүл Бейшебаева, пенсионер:
– “Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат” деп коёт эмеспи. Билимдүү жаштар – эртеңки жакшы жашоонун үмүтү. Бирок билимдүү жаштардын дээрлик көбү жумушсуз жүргөнү зээнди кейитет.
Азамат Байзаков, окутуучу:
– Диплом өтө деле маанилүү эмес. Эң негизгиси, ал окуудан алган билимиң. Мисалы, азыр окуган студент деле, сабакка барбаган студент деле бир эле дипломду алып жатат. Салыштырсаң, бири билимдүү, экинчиси эч нерсе билбейт.
Сайрагүл Кыштобаева, студент:
– Сөзсүз керек. Себеби эртең кандай жашоо болорун билбейсиң. Күйөөң иштен чыгып калышы мүмкүн, ошондой оор күндөрдө дипломуңду көтөрүп барып ишке орношсоң болот. Билимиң, дипломуң болсо ачка калбайсың деп ойлойм.
Талгат Айдаралиев, студент:
– Диплом сөзсүз керек. Себеби кийин чоң жерге иштеп калсаң, ар тараптуу иш алып барганга болот. Кайсы жакта жүрбө, ким менен иштешпе, анын тилин табууга жана өзүң жөнүндө жакшы пикир калтырууга мүмкүнчүлүк зор. Билим жок жашоо деңгээли көтөрүлбөйт.
Төлөгөн Турсунбаева, пенсионер:
– Эч кандай билими жок болсо, ал кайсы ишти жыргатмак эле? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө баары тең сатылып калбадыбы, канчалаган жаштар окууга барбай жүрүп эле диплом сатып алып жатышат. Анан 5 жыл окугандар деле тигүүчү цехтерде жүрүшөт.
Шекербек Эламанов, студент:
– ЖОЖдун дипломун алуу зарыл. Ал сага көп эшиктерди ачып, татыктуу жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Мен учурда колледжде окуп жатам. Келечекте билимдүү адис болгонго аракеттенем.
Мальвина Уметбекова