ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүрсөңүз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg
электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын аты-жөнү, дареги жана телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

“БИР ТУУГАНДАРЫМ, СИЛЕРДИ ТАБУУДАН ҮМҮТ ҮЗБӨЙМ”
– Мен, Фатима Мандекова, бир канча жылдан бери агаларым Нурлан жана Нурпайыз Мандековдорду издеп келем. Биздин аталарыбыз бир, энелерибиз башка. Угушума караганда, алар Таласта жашашат экен. Ошондон бери табам деген чоң ишеним менен издеп жүрөм. Ал эми эжемдин Орусияга кеткени туурасында гана маалыматым бар. Агаларыма кайрылат элем, эгер менин катымды окуган болсоңор, сөзсүз байланышсаңар. Энелерибиз башка болсо да, каныбыз, атабыз бир. Силерди табам деп үмүттөнөм.
Фатима, Талас облусу, Бакай-Ата району. Т.: 0771 12-65-65

“ЖОЛУГУП, ӨТКӨН КҮНДҮ ЭСКЕРЕЛИ”
– 1983-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинде окуган курсташтарым Маатова Айнура Муканбетовна, Кыдыралиева Анаркүл Шаршеналиевна, Кализа Дүйшөналиева жана Айгүл Маматбаеваны издейм. Табууга жардамдашууңарды суранам. Жолугуп, өткөн күндөрдү эскерели, дайыныңарды билдиргиле.
Нусупова Роза Сарыпбековна, Жалал-Абад шаары. Т.: 0772 74-66-52

“ДОСУМ, СЕНИ МЕНЕН КАТТАШКЫМ КЕЛЕТ”
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо”! Менин атым Элдияр, Нарын облусунанмын. Мелис уулу Бегастан аттуу досумду издеп жатам. Экөөбүз чогуу окуганбыз, ал Кочкор районунан болот. Нарын шаарынан 4 жыл мурун көчүп кеткен. Кочкордон да сураштырып, бирок таппай койдум. Досум, сени менен катташкым келет. Эгер менин издеп жатканымды билсең, kasidinov.eldiar@mail.ru электрондук дарегине кат жаз.
Элдияр, Нарын шаары.

“КАЙДАСЫҢАР, КУРБУЛАР?”
– 1986-1987-окуу жылында Бишкек шаарындагы (азыркы «Кыял») №92-кесиптик окуу жайында билим алган курбуларым Батина Чалбаеваны жана Бегайды издейм (Кочкор районунан). Сөзсүз байланышкыла, күтөм.
Бактыгүл Иманалиева. Т.: 0778 19-73-18, 0772 45-72-18

“КЕЗИГЕЛИ КАЙРАДАН”
– Мен 1997-жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз агрардык академиясынын зооинженер факультетинин НАЭК-1-97 тайпасында окуган группалаштарымды издейм. Алар: Жоомарт Мамбетсадыков, Ишенкул уулу Жолдош (Кочкор району), Сүйүн Мукамбетов (Каракол шаары), Эмил Бакиев (Тоң району, Бөкөнбаев айылы). Кимде-ким бул адамдарды тааныган болсо, кабарлап койсоңуздар.
Нургүл Шаршеева. Т.: 0559 97-59-76

“АГАМДЫ КӨРГӨНДӨР БОЛСО, КАБАРЛАП КОЮҢУЗДАР”
Урматтуу редакция! Биз Ош облусунун Кара-Суу районундагы Топ-Терек айылында 1960-жылы туулган агабыз Урозбеков Гуламидин Бекмурзаевичти издейбиз. Ал ушул жылдын 20-апрель күнү саат 22:00дө үйдөн чыккан боюнча дайынсыз. Бою 180-185 сантиметр. Үстүндө көгүлтүр күрмө, башында тумак, көк түстөгү шым, бутуна резина өтүк кийген. Агабыз балалыктан 2-топтогу майып эле. Көргөн-билгендер болсо, кабарлап коюшуңуздарды өтүнөбүз, сүйүнчүсү бар.
Тел. 0773-25-75-76, 0770-16-27-17.

“ДАМИРАНЫ ИЗДЕЙМ”
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты! Мен Дамира аттуу курбумду издеп жатам, табууга жардам берип койсоңуздар. Биз Бишкек гуманитардык университетинде 2004-жылга чейин окудук, кийин ал башка окуу жайга которулуп кеткен. Аты-жөнү – Дамира Элчиева, 1985-жылы Баткен облусунда төрөлгөн. Акыркы жолу 2006-жылы көрүшкөнбүз. Дамира, менин катымды окуп калсаң, nargiza120684@mail.ru электрондук почтама кат жаз. Рахмат, ишиңиздерге ийгилик!

“ЭЖЕБИЗДИ ИЗДЕЙБИЗ”
– Биз Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында жашайбыз. 10 бир тууганбыз. Атабыз Шарше Бактыгулов мурда үйлөнүп, аялы кош бойлуу кезинде ажырашып кетишкен экен. Аялы көп өтпөй Сайрагүл аттуу кыздуу болгон. Кийин атабыздын ал аялы каза болуп калып, Сайрагүл эжебиз таенесинин колунда калган. 9-класста окуп жаткан кезинде биздин үйгө бир келип кеткен, ошол боюнча дайынын билбейбиз. Бостериде, Чолпон-Атада жүрөт деп угабыз.
Сайрагүл эже, эгер бул катты окуп калсаңыз, дарегиңизди “Супер-Инфо” гезитинин кеңсесине кабарлап же 0770 51-09-19, 0779 63-68-72 телефон номерлери аркылуу байланышып коюңузчу.
Бир туугандарыңыз. Биздин дарек: Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Ысык-Көл көчөсү (Шарше Бактыгуловдун үйү).


“КАЙДАСЫҢ, НУРГҮЛ?”
– 1994-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган Таабалды кызы Нургүлдү издейбиз. Нургүл 2011-жылы 18-декабрда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Кызым, кайдасың? Сени чыдамсыздык менен күтүп жатам. Кайрылып келчи!
Апаң Тилекбү. Т.: 0770 13-32-14, 0556 81-58-55

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
adylbek.808808
2012-05-24 12:21:46
Баарынар жакындарынарды табуунарды каалаймын ийгилик!
0
aiti
2012-05-25 15:08:12
Издешкендер бири-биринерди табышынарга тилектешмин.
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан