Башталышы – 14:00 (10 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 500 сом
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы (9-майда)
Алпаруучулар – Чыңгыз Мырзаев, Эркин Рыскулбеков
Мыкты номер – Гүлшайыр Садыбакасованын аткаруусундагы “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ыры менен Зейнеп Шакееванын аткаруусундагы “Он сегиз жаш” аттуу ыр
Бул жолу “Кыз-Бурак” тобунун 35 жылдык мааракелик концерти болорун эшитип, филармонияны көздөй аттандым. Эл “кыргыздар сөзсүз бир саатка кечигип келишет” деген сөзгө арданып калганбы, айтор, бул жолу сахна ачылганча жайгашып, тынчып отуруп калды. Залдагы көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн улуу муундар түзгөнүн белгилеп кетпесем болбос. Концерт элге эстетикалык ырахат тартуулап, купулга толду. "Бу Толик эмне эле ырчыларды жамандай берет?" дегендерге жооп катары "Кыз-Бурактын" концертинен үлгү алгыла демекмин. Жакшыны жакшы деш керек. Гүлшайыр Садыбакасова катуу чуркап даярдык көргөнү көрүнүп турат.
Салтанатты “Кыз-Бурактын” алгачкы курамындагы кыздар аспаптарда ойноп ачып беришти. Гүлшайыр эже барабанда ойноп, “Ошол менин элге кошкон үлүшүм” ырын созгондо эл тикесинен туруп кол чапты го, чиркин! Бирок мага “Кыз-Бурактын” мурунку “көзүрлөрү” көп ырдап, азыркы жаштарына микрофон тийбегендей туюлду. Гүлшайыр эжекеси аларга "атайын келгенден кийин ар бириңе эркин микрофон" деп койгонбу, анысын биле албадым.
35 жыл аралыгында 300дөй кызды тарбиялап туурунан учурган Гүлшайыр айымдын 280 күйөө баласы бар экен. "281-күйөө баласы мен болом, ошон үчүн концертти алып барып жатам да" деп Эркин Рыскулбеков ырчынын короосуна таш ыргытып өттү, Сайкалга көзү түшүп жаткандай.
Конок катары келген Зейнеп Шакеева “Он сегиз жашты” ырдаганда зал муюп гана отуруп берди. Бүткөндө кол чаба берип алакандын ысыганын айтпа. Мааракеге “АГК” тобунан Гүлнара Калдарова гана келди. Гүлнара ырдап жатканда көйнөгүнүн этеги бут кийиминин такасына илинип, ойда жүдөдү дейсиң. "Чалынып жыгылып кетпесе экен!.." деп менде жан жок. Мен эле эмес, "чалынып уят болбосо экен..." деп бүткөнчө элдин көзү Гүлнаранын көйнөгүндө болду.
Мааракени куттуктап Айчүрөк Иманалиева, Абидин Темиров, Алтынай Нарбаева, Ильяз Абдыразаков, Алишер Тоотаев, Рахман Разыковдор келишиптир. Рахман акебиз тамашалап: “Бу Гүлшайырдын Саддам Хусейн менен Хосни Мубарактан айырмасы жок. "Кыз-Бурактын" алмашпаган президенти болду. Алардан өзгөчөлүгү, буга оппозиция жок да. Чыкса деле алардын моюнун кайрып коёт”,- деп элди кыраан-каткы күлкүгө бөлөдү. Салтанаттын соңунда элдин туруп кол чапканына Гүлшайыр Садыбакасова ыраазы боло жашып да алды. Аягында "Кыз-Бурак" үчүн өз бактысын өгөйлөп, садага чапканынын жыйынтыгы жемиштүү болгонуна кубанып, мен да үйгө көңүлдүү кайттым.
Толик сынчы
star@super.kg