Чыгармачыл адамдар сахнасыз жашай алышпайт. “Жан дүйнөбүз – сахна, үйүбүз да – сахна” деп да ырдап чыгышпады беле. Ошентсе да негедир көптөн бери Актан Исабаевди сахнадан кезиктире албай келебиз. Мурункудай шедевр ырларды чыгарбай калды. Эмнеге десеңиз, көрсө, ырчы кыргыз элинин маданиятын сактап калууну көздөгөн улуттук бир фонддун иштери менен алек болуп жүрүптүр. Бул фонд ар кандай акция, концерттерди өткөрүп, кайрымдуулук иштери менен да алектенет. Ырчы жалпы кыргызга керектүү иштерден бошобой, азыр сахнаны сагынып, буулугуп, чыгармачылыкка кайрадан киришүүнү көздөп жатканын айтат. “Жашоодо ар кандай учурлар болот тура. Андан да эргүү келбесе, жашагың келбей калат экен. Мен чыгармачылыкка кылдаттык менен мамиле жасайм. Буюрса, экрандардан жайдын аяк ченинде көрүп каласыздар”,- дейт Актан Исабаев.