Акыркы учурда ырчылар жакшы жышаан баштап, жандуу үн менен концерт берүүгө өтүшүүдө. Эми мындай концертти Султан Садыралиев берем деп күн куру калбай оркестрдин коштоосунда катуу даярдык көрүп жаткан чагы. Бул тууралуу ырчы "1-июнда 100 пайыз жандуу үн менен концерт берем, келген эл нааразы болбойт. Буга да 100 пайыз кепилдик берем" дейт. Күтө туралы, Султан өз сөзүнүн өтөсүнө чыгат болду бекен?