Сыймыктанчу ырчыларыбыздын тизмесинин башында турган Ильяз Абдыразаковдун тун перзентинин жарык дүйнөгө келишин ырчы менен катар күйөрмандары да чыдамсыздык менен күтүшүүдө. "Кызбы же эркекпи?" деп шаштысы кеткендерге сүйүнчү! Ильяз эркек балалуу болорун УЗИден билип, учурда жүрөгү кабына батпай сүйүнүп жүргөн кези. Мединанын аман-эсен көз жарып алышына биз да тилектешпиз.