Жаштардын “Эркин эл” саясий кыймылынын өкүлдөрү шаардык автотранспортто жүрүүнүн тарифи кымбаттаганына каршы. Алар Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кайрылышып, студенттик билети барларга маршруттук таксиде 8 сом, троллейбуста 5 сом, автобуста жүрүү 6 сом болушун талап кылышат. Ошондой эле кечки саат тогуздан кийин жол киренин жогорулоосун да жоюп салууну суранышууда. Эгерде талаптар аткарылбаса, 21-май күнү шаардык мэриянын тушунда акция башталат.