ЖКнын депутаты Садыр Жапаров жакында “Кумтөр” алтын кенинин Экологиялык жана башка мыйзам бузууларды текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы катары кайрылуу жасады. Жогорку Кеңеш текшерүүгө көз карандысыз жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тартылышын, алардын чыгымын “Кыргызалтын” ААКсы төлөп беришин айткан. Бирок ал чыгымды төлөп берүүдөн “Кыргызалтын” баш тартты. “Ошол эле учурда “Кыргызалтындан” миллиондогон долларлар, баалуу металлдар уурдалып жатат. Аны тастыктоочу далилдерибиз бар”,- дейт Садыр мырза.
Комиссия өз жыйынтыгы менен июнь айында парламентте тааныштырат. Депутаттын айтымында, текшерүүгө 30дан ашуун эксперт тартылып, алардын эмгек акысын төлөө үчүн көмөктөшүүгө чакырат. “Жалпы ишти аткарууга жалпысынан 300 миң долларга чукул каражат жумшалат, анын 100 миңин өз күчүбүз менен эксперттерге аванс катары төлөп бердик. Калган жардамды эл үчүн күйгөн эр жигиттерден жардам катары сурайм. Мафиянын жүзүн ачканга салым кошуңуздар”,- дейт депутат.