Былтыркы жылдан баштап “Эркиндик үнү” уюму "жумушка жана чоң жыйынга келбеген депутаттардын тизмеси берилсин" деген доо арыз менен сотторго кайрылып келген. Акыры Бишкек шаардык соту уюмдун арызын канааттандырып, "коомчулук жыйынга себепсиз катышпаган депутаттарды билип туруш керек" деген чечим чыгарды. 11-майда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңешти парламенттик отурумга себепсиз катышпай жаткан депутаттардын тизмесин берүүгө милдеттендирди.
Эске салсак, мыйзамдарды талкуулоодо көптөгөн депутаттар орундарында жок болуп, добуштар кандайча саналып жатканы түшүнүксүз жагдайды жаратып келет. Атүгүл келбей калган депутаттардын көптүгүнөн кесиптештери алардын ордуна кнопка басуу үчүн залдын ичинде жабалактап чуркаганын көрүп эле жүрөбүз. Буга чейин Жогорку Кеңеш андай маалымат жашыруун экенин шылтоолоп, толук маалыматты бербей келген. Эми эл өкүлдөрүнүн кимиси жыйындардан көп качарын, кимиси чын дилден иштебей жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк алдык.