Муфтий Чубак ажы Жалилов Орусиядагы, айрыкча Москва шаарындагы кыргыз жигиттеринин кыздарды кордоп-шылдыңдап жаткан окуяларына байланыштуу билдирүү таратты.
“Кайсы элде жүдөө көрсөң зайыпты, ушул элдин уулуна кой айыпты” деген кеп бар. Жигиттердин ыймандуу болуп көрүнүп, кыздарды жылаңачтап, ысымдарын айттырып, бычак менен коркутуп жатканы ыңгайсыз абалды жаратууда. Балдардын мындай иштери ошол кыздар кылган абийирсиздиктен ашып түшсө ашып түшөт, бирок кем калбайт. Анткени аял сойку болсо да, жылаңачтап кароо, камерага тартып, элге көрсөтүү – чоң күнөө. Ыйман талабы боюнча, жардам берүүнү кааласа, кароосуз калтыруунун ордуна жигиттер ошол кыздарга үйлөнүшсүн, жумуш таап беришсин”.