Депутат Турсунбай Бакир уулу алданып чет өлкөгө турмушка чыгып жаткан кыздардын укугун коргоо тууралуу демилге көтөрүп чыкты. Ал сунуштаган токтомдун долбооруна ылайык, эми Кыргызстандагы ММКларда чет өлкөгө никеге туруу жөнүндө жарнамалык жарыяларга тыюу салынмай болду. “Кыргызстанда ондогон нике агенттиктери лицензиясыз иштеп келе жатышат. Алардын ишин текшерген эч ким жок. Мисалы, Түштүк Кореяга 161 кыргыз кызы турмушка чыккан. Алардын турмушу менен эч кимдин чатагы жок, бир дагы орган текшербейт. "Укугубуз тепселип жатат" деп көптөгөн кыздар мага интернет аркылуу кайрылып жатышат”,- дейт эл өкүлү.