Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга расмий иш сапарын Астана шаарынан баштап, мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев менен бирге энергетика, айыл чарба, тоо-кен жана транспорт тармактарындагы маселелерди талкуулашты. Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев жакынкы күндөрү кыргыз-казак инвестиция фонду иштеп баштай турганын билдирди. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары Казакстанга келгенде 5 күндүн ичинде каттоодон өтүп,
90 күнгө чейин жүрсө боло тургандыгы айтылды.
Коңшу өлкөдөн келип, 15-май күнү Алмазбек Атамбаев Москва шаарына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мааракелик саммитине иш сапары менен учуп кетти. Ал жерден Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Айтмакчы, Владимир Путиндин жакын арада Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.