15-май күнү ДҮЙШӨМБҮ шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын достук кечеси өткөрүлдү.
Жогорку Кеңеш КУБАНЫЧБЕК МОМБЕКОВДун Жогорку Соттун судьялык кызматын калыбына келтирди.
Адилет министри АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВ 16-19-май күндөрү Санкт-Петербургда өтүүчү Дүйнөлүк форумга катышат.
31-майда СЕУЛДА Кореянын жана Кыргызстандын ишкерлери үчүн соода жана өндүрүш тармагын өнүктүрүү боюнча форум өтөт.
Жалал-Абад облусундагы селден жабыркагандарга 20 жылдык мөөнөт менен 200 МИҢ СОМДОН акчалай ссуда берилет.
Быйыл түштүк жергесиндеги мектептерди аягына чейин оңдоо иштерине өкмөт 4 миллиард сом бөлүп берерин премьер ӨМҮРБЕК БАБАНОВ маалымдады.
“ЗАМАНДАШ” ассоциациясы июль айында кыргызстандыктардын Биринчи дүйнөлүк конгрессин өткөрүү демилгесин алып чыгып, ага 600дөй делегат менен 200гө чукул коноктун катышуусу күтүлүүдө.
Транспорт жана байланыш министрлиги БИШКЕК-ТОРУГАРТ автожолундагы оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 7 айга тыюу салды.
15-майдан 1-июлга чейин студенттер өз каалоолору менен ВИЧ/СПИДге бекер анализ тапшыра алышат.
Кыргызстандын казынасына ири салык төлөөчүлөр 760 МИЛЛИОН СОМДОН ашык акча карыз.
Сотторду тандоо кеңешинин төрагасынын орун басары болуп ЖАМЫЙЛА НУРУМБЕТОВА шайланды.
“ЭЛЕКТР СТАНЦИЯЛАРЫ” ААКсынын басма сөз кызматы 24-апрелден баштап Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү боюнча отчётту коммерциялык сыр деп ачыкка чыгарбай жатат.
Сузак районунда тамак-аштан массалык уулануу катталып, 51 АДАМДАН ичеги инфекциясынын белгилери аныкталган. Алардын 28и ооруканага жаткырылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aybek.shermambetov
2012-05-21 20:00:14
7aiga kahdai unaalarga tyiuu salyndy kytaidan tovar alyp chyga alabyzby anda bashka joldorun sunush kylbaiby
0
kalpakchan
2012-05-23 01:27:39
Оо жакшы баракеллде!комерциялык сыр имиш,булар сууну сата баштаган го,сугат сезон башталды да азыр,кышы менен отчёт беришет да,сезон башталганда сыр болуп калат экен,копко барбайт го бул бийлик да!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.