“Мегакомдун” тагдыры качан чечилери дагы эле табышмак. “Кытайлык ZTE компаниясы менен келишим түзүү аркылуу өлкөдөн 6 миллион доллар алып чыгып кеткен“ деп аталган компаниянын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алмазбек Абековдун үстүнөн кылмыш иши козголду.
6 МИЛЛИОНДУН АРТЫНДА БАБАНОВ ТУРАБЫ?
16-майдагы парламент жыйынында депутат Камчыбек Ташиев "Кыргызстандан Кытайга 6 миллион доллар чыгарылып кеткендиги тууралуу УКМК маалымат берсин" деген талап койду.
“Мынча акчаны жогорку жактагы адамдардын кийлигишүүсүз чыгарып кете албайт болчу. Бул – коррупцияга каршы күрөшүүнүн биринчи жеңиши. Мурзалиев, Абеков дегендер кимдер?”- деди эл өкүлү.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев бул 6 миллион доллар чет өлкөгө мамлекеттин казынасынан чыгарылганын маалымдады.
Ташиевдин “Мурзалиев, Абековдордун артында ким турат?” деген суроосуна Сыдыгалиев “биз азыр кимдер турганын атай албайбыз. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Такталган фактылардан негизинде гана кимдер турганын айтабыз" деген жооп узатты.
Кайрадан капталдан сүзгөн Камчыбек мырза: “Бул маселеде Бабанов менен Отунбаеванын уулунун ысымдары аталууда. Ал акчаны оффшордук жол менен чыгарып кетип жатса, кантип чоң кызматтагы фигураларды таба албайсыңар?”- деп Бектен мырзаны демитти.
“МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ ТОКТОТУЛСУН!”
Ташиев ошондой эле бул компанияны менчиктештирүүнү токтотууну талап кылды. Эске салсак, аталган компаниянын
кыргыз мамлекетине тиешелүү 49 пайыз акциясын аукционго коюу иш-чарасы 22-майга белгиленип, баштапкы баасы 4 миллиард
900 миллион сом деп белгиленген эле.
Ал эми “Мегакомго” Мурзалиев менен Абековду ким жетекчи кылып дайындаганын сураган депутат Ташболот Балтабаев “мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Дайыр Кенекеев койгон” деген жоопту угуп, ага сөзсүз түрдө чара көрүлүш керектигин белгиледи. УКМКнын өкүлү бул иш боюнча кылмыш иши козголгон соң кытайлык ZTE компаниясынын жетекчиси суракка алынарын билип Кытайга качып кеткенин айтты. Анын айтымында, иликтөө иштери май айынын аягында бүтүп, иш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет.
МУНУН ЭРТЕСИ...
"Мегакомго" байланыштуу айыпталып, сотто сурак берип жаткан Раушан Рыкунова:
"6 миллиондун артында Бабанов эмес, андан да салмактуу саясатчылар турушат. Алар азыр бийликте эмес, бирок дагы эле таасири бар адамдар: Роза Отунбаева, Эмил Каптагаев жана Амангелди Муралиев" ,- деди.
Депутат Ташиевдин Бабановго карата айткан билдирүүсүнө өкмөт башчынын басма сөз катчысы Султан Каназаров да жооп айтууга жетишти. “Ташиев өкмөткө далилдүү сындарды айткандын ордуна көчө соодагеринин жана контрабандисттин деңгээлиндеги сөздөрдү айтып жатат. Ташиев өзүнө да айып тагылганын унутпашы керек. Аны депутаттык кол тийбестик гана сактап турат”,- дейт.