Юристтин кеңеши. «КЫЗЫМДЫ КАЙРА АЛА АЛАМБЫ?»

– Биринчи күйөөм менен ажырашкан соң экинчи ирет турмушка чыккан элем. Экинчи күйөөм менден 5 жашка кичүү жана мурун үйлөнбөгөн. Алгач жашообуз жакшы болду. 2 кыздуу болдук. Кийин күйөөмдүн мүнөзү өзгөрүп, үйдө чыр-чатак көбөйдү. Үчүнчү кызым боюмда барда бирге жашоо мүмкүн болбой, апамдыкына кетип ошол жактан төрөдүм. Тыңыгандан соң айла жок кайра күйөөмө келдим. Уруш мурункудан да көбөйдү. Күйөөм бизди бакпай да, карабай да калды. Жашоо шартыбыз ошентип начарлай берди. Акыры төркүнгө кетүүгө туура келди. Бир ирет балдарымды бага албай кыйналып жүргөнүмдү алыскы тууганыма айтып арман калдым. Ал мага Бишкектеги агаларынын бири бала багып алууну каалап жүргөнүн айтып, дарегин берди. Ошентип мен шаарга барып, кызым аларга көнгөнчө ал кишилердин колунда бир аз жашап, баламды эмчектен чыгарып бердим. Анда кызым төрт айлык кези эле. Казакстанга барып иштеп келүү оюмду айтсам, алар мага кийим-кечек, билет алып берип узатышты. Чек арадан өтө албай кайра келдим. Ошентип же иштен жок, же кыздан жок калдым. Үйдө калган кызымдын кийимдерин көрүп алып ыйлап, өзүмдү коёрго жер таппайм. Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү да жок эле. Баламды кайра кайтарып алууга мүмкүнчүлүгүм барбы?
Зейнеп, 27 жашта, Жалал-Абад.

Суроого “Абдрахманов и Ко” юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берет:
– Биринчиден, сиз көз жарган төрөт үйүнүн архивинен “төрөдү” деген аныктаманы таптырууңуз керек. Андай аныктама жок болгон күндө да, тигил тарап расмий түрдө балаңызды өздөрүнө каттатып алса да, экспертизанын негизинде сотко кайрыла аласыз. Баланын ата-энеси Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин №146-147-беренелерине ылайык, асырап алууну жокко чыгарууга толук укуктуу. Андан тышкары 10 жаштан 18 жашка чейинки баланын каалоосу да эске алынат. 18ге жашы толгон соң бала толук укуктуу жаранга айланат да, сотко өз алдынча доо арызы менен кайрыла алат.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келсе, айрымдар «кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
MiraHon
2012-05-21 16:56:57
kelesoo go bul katyn? jada kalsa kyzynin kubolugu Da jok...anan olup baratsa dagy balasyn broogo tashtabai ele koiboiby....tan kalam ......kop myndailar...erge tiidim deshet je nike kubolugu jok... Tuudum deshet je ech bir dokumonty jok chirki ay chirkin......
0
moinok
2012-05-21 20:59:00
MiraHon, Эгерде сенин башына ушундай жагдай туш келсе сен дагы ушу сыяктуу жолго бармаксын.... Ошон учун мындай татаал турмуш башыбызга тушпой эле койсун дейли))
0
Taalaibek
2012-05-22 05:52:24
Ким болсон дагы ылайым каалаган тилегине жеткинин. Албетте жаштын жанылыштыгы. А азыркы силерди бакбаган куйооно "Налат".
0
zirek.kyz
2012-05-22 07:57:21
Баланы берген Аллахым ырыскысы менен берет.Жакшы нерседен умуттонуп жашаш керек.4ай кезинде кантип чыдап берип койгонунду билбейм.Жанылбаган адам жок,умутунду узбой озуно алууга аракет кыл.
0
Саби
2012-05-22 17:54:56
Сындабай элек койгула.Жанылыштык да эмес бул аргасыздан болгон иш.Торт айлык баласы менен уйдо отурса 2 кызын озун ким багат.Эмнеге 16 жылы уркундо кыргыздар кыздарын кытайларга-уйгурларга сатышкан кыздары ачкадан олбош учун ушул ишке барган.Баланы баккандарга да убал болду ошончо багып алып алар да бергиси келбейт да
0
Deya
2012-05-23 15:04:51
Баарыбыз кудай астындабыз. туура кылды же туура эмес деп айтыш ото татаал. Бир тараптан караганда: кызды жакшы адамдар асырап алса, татыктуу тарбия берип остурсо - жакшы эле иш да.
экинчи жагынан караганда - оз баласын кайрып алгысы келген энени да тушнсо болот. балдарын карабай, бакканга алы келбеген эркектер биздин коомдо кобойгону окундурот :(
0
AFRODITA-89
2012-05-24 12:06:06
экинчи куйоосуно тийип атканда жакшылап ойлонуш керек эле уйлонбогон бала болсо качандыр бир куну ушундай кылмак барыбир ал аялды таштап башкаларга кызыгышы белгилуу эледа. Тууган уругу, жоро-жолдоштору ар нерсе дей берип ал бала да жадап анан ушундай кылса керек. Кантседа балдары менен тиги аялга жаман болду эми кызын алып каякка барып эмне иш кылмак.
-1
Murok
2012-05-28 08:59:19
Эркеке ишенич жок,ошон учун аялдар баарына дайым даяр турушубуз керек.
+1
zulya
2012-06-07 00:57:57
Murok, Мен сага кошулам азыркы убакта 90% эркек кишилер жалганчы болуп , мээлерин иш тете албай . Аялын бага албай темселеп калышкан , бизге куч берсин жараткан Аллах аял кишлерди колдосун
+1
saya4ka
2012-06-04 12:23:06
Балким баласы азыр жакшынакай уй-бйлодо жашап жаткандыр. Аны алып алып, баланы стресске тушурушу ыктымал. Атам, апам деп жургон эле кишилеринен алып, башка бир аял "мени апа де" деген туура болобу озу?..
0
Nyrkiz
2012-08-16 21:22:16
Азыркы кезде аял киши 1-кезекте озуно баарын камдап алыш керек колдон келсе уй машина алып анан куйоого тийиш керек
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан