АРСЕН ЫРЧЫЛАРДЫ КОНОК КЫЛДЫ

Өткөн жумада, бүткүл Кыргызстан Улуу Жеңиш майрамын белгилеп жатканда Бишкекте бир нече жагымдуу иштер болуп өттү. Ырлары, чыгармачылыгы менен бир нече муунду өстүрүп келе жаткан “Кыз-Бурак” тобу түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп, Кыргыз улуттук филармониясында чоң концерт берди. Ал эми чоң сахнанын босогосун аттаганына 2 жылдай болгон Арсен Кыргыз улуттук драма театрында алгачкы жеке концертин тартуулады. Мен мындайды өткөрүп иймек белем, бардым, экөөнө тең.
Арсендин концерти боло турган залга киргенимде эле көзүмө жаштар учурады. Бек Борбиевдин же Ильяз менен Мирбектин концерттерине улуусу-кичүүсү аралаш келишет. А бүгүн көзүмө кылкылдай тизилген жаштар урунду, арасында орусу, корейи да жүрөт.
Концерттин билет баасы, кечиккен-кечикпегени тууралуу бүгүн сөз кылбай эле коюуну чечтим. Анткени 2 саатка жетип-жетпеген концертте баарыбыз кол чаап, кошо ырдагандан бошобой, убакыттын кандай өткөнүн билбей калдык. Арсен – азамат! “Алгачкы концерти да, бара-бара оңдолот” дегизбей, мындай иштерди көптөн бери уюштуруп жүргөндөй көрсөттү өзүн.
Сахнанын жасалгасы эмес, “чү” дегенде эле кыркалата тизилген музыканттар көңүлдү бурду. Концерт башталгандан аягына дейре жандуу үндө өтүп, бир да ирет “ий, ушинтип үнү жетпей кыйналгандан көрө фонограмманы эле пайдаланса болмок” деген ойду жараткан жок. Азыр жандуу үн менен концерт берүү модага кирбедиби. Бул абдан жакшы нерсе. Бирок мындайга али көнө элек ырчыларыбыз кээде ушунчалык көрүүчүнү жүдөтөт дейсиң, үнү жетпей чыйылдап, өңү-башы бырышып... “Ий, фонограмма менен эле ырдачы, жакшысы, сапаттуу үндү угуп кетели” деп жибертет адамды. Бүгүн андай болбоду.
Айтмакчы, Арсенден дагы бир жаңылык көрдүм. Мен ырчы дегендин баарын конокко чакырыптыр. Жок, аты – жеке концерт, заты – ашар концерт кылып эмес. Бул күнү ырчылардын баары залда көрүүчү болуп отурушту. Андайды дайым эле көрө бербейсиң да. Гүлнур Сатылганова, Аида Кулуева, Сайра Момунбаева, Нена, Съездбек Искеналиев, Замир Мырза, Анжелика күйөөсү менен, Бактыгүл Бадыева, Омар, Мирбек Атабеков, айтор, баары келишти. Көрүүчү болгон ырчыларга жакты белем, шатырата кол чаап, Арсенди коштоп кыйкыра ырдап, бийлеп да отурушту. Бул күнү Арсен өзү эле эмес, сахнага чыккан коноктору да жандуу үндө ырдашты. Өзгөчө кол чабуу, албетте, Арсен менен Айбектин аткаруусундагы “Чувства мои” ырына жана Омар менен Арсендин дуэтине болду. Омар тамагы кырылдай ооруп турганына карабай ырдады.
Бул күнү сахнага чыгып, “Күндөр жаңырат”, “Сени сүйөм” деген ырларын аткарып берген Мирбек Атабеков өзгөчө жылмаюуну жаратты. Баланын бактылуу экени көзүнөн, сөзүнөн, ар бир кыймылынан байкалып турду.
Баса, расмий түрдө кеченин алып баруучусу Эрмек Нурбаев болду. Бирок баштан аяк Арсен өзү сүйлөп, эл менен баарлашып жатканы жагымдуу маанай жаратты. Оо, дагы бир нерсени айтпай өтө албасмын. Залдагы элди ордунан козгоп бийлетүү үчүн да талант керек эмеспи. Арсен так секирип, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыта бийлеп жүрдү.
“Толик сынчыга эмне болгон? Ал жалаң сын айтчу эмес беле?” деген ойлор жаралып калса, кечиресиздер, туугандар. Ооба, мүчүлүштүктөр болбой койгон жок, экранда ырчылардын аты-жөнү ката жазылып калган же болбосо Арсендин эң эле атактуу ырынын текстин саамга унута түшүп, “ла-ла-ла” деп абалдан чыгып кеткен учурлары болду. Мунун баарын концерттин жалпы шаңы, залдагы элдин көтөрүңкү маанайы жууп кетти.

Толик сынчы

 Кыстарылган видео 
Арсенден жандуу концерт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Modeshanyi
2012-05-21 12:44:21
Zaldyn kan4a bolugu keldi, an4a myn4alaryn syndabapsyz? Syyagy Arsen ooz bastyryk kylgango:-)
0
tokish
2012-05-22 02:01:44
Жакшы-жакшы. Молодец! Супер-Инфо мактачу кишини тимеле жерге-сууга тийгизбей мактайсынар. А кээ бироону атайылап эле шыбап коймой жагынар бар.))) Муну моюнга алыш керек. Арсенди силер оолло пиарить кылдынар го. Мындай живой концертти башкалар деле берип жатышат, аларды эмнеге жазбайсынар?! Деги канча толош керек силерге??? Катуу айтсам кечирим сурайм.
0
Шаиста Шатманова
2012-05-22 09:23:22
tokish, Сындын бизге карата айтылып турганы жакшы нерсе, аларга карата түзөлөбүз. Көрбөй, байкабай бараткан кемчиликтерди көрүп, оңдолуп турабыз. Бирок, сиздин сурооңуз бизди таң калтырды. Буга чейин жандуу үндөгү концерттерди Толик сынчы дайыма жазып келген.
0
Шаиста Шатманова
2012-05-22 09:26:28
Эсиңизде болсо, алыс кетпей жакынкы эле мезгилди алалы, "Кыз бурактын" концерти тууралуу жазылды. Буга чейин Омардын, Коныкейдин ушундай концерттери болгон. Ошондо да калыс баасын берген Толик сынчы! Мактачуну макташ керек деп туруп мактаган, сынын да айткан. Мунун эмнесинен "сатылма саясат" көрүп турасыз, урматтуу колдонуучу?
0
Шаиста Шатманова
2012-05-22 09:28:34
Балким биз, кемчиликтер көп болгонунан, ошолорду айтып, жазып жүрүп, мыкты да болоруна, мактачу да концерттер болоруна көнбөй калгандырбыз? Сиздин Толик сынчынын сынына ыраазы болбой калгандыгыңыз ушундан улам болуп жүрбөсүн?
0
stuttde
2012-05-22 03:59:03
Arsen molodec, super jigit!!! koncerti da super boluptur!
0
saiachka
2012-05-24 15:38:38
Мен чындыгында Арсенден мындайды куткон эмесмин. Концерти болот экен дегенде "баягы эле корунуш да,уч ыр, бир клип менен концерт коймой" деп ойлогом,корсо бары жакшы болуптур,азамат!!!
0
Jamalym
2012-05-25 03:50:27
Maga golosu aiiiiiabai jagat da Arsendin.Ozgocho konur unu bar.Azamatsyn!!!!!Yigilik.
0
merim
2012-06-15 05:45:34
МАГА жакпайт,ырлары озу дагы!
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан