Талас
Ата мекендик футболго жаңылык киргизүү үчүн легионер алып келиш керек деп жыл бою аракеттенген “Талас” футболдук клубунун жетекчилиги тилегин ишке ашырды. Дегеним, жакында Талас шаарында пайда болгон “Талас” футболдук клубу курамын нигериялык 2 футболчу: Акпобоме Гифт, Жа мио Аззез жана ирандык машыктыруучу Хаятшер Саид-фахриддин менен толуктады. Кара континенттин өкүлдөрү жана жаңы машыктыруучу апрелден ноябрь айына чейин келишим түзүштү. “Легионерлердин келиши облусубузда футболго болгон кызыгууну күчөтүп, өспүрүмдөргө стимул жаратууда. Булар футболдун өнүгүшүнө зор салымын кошот деп ишенебиз”,- дейт Талас облустук Футбол федерациясынын жетекчиси Айбек Сүйүнтбеков. Ал эми клубдун жетекчиси Замир Молдокматов: “Чет жерден келген футболчуларды каржылап, аларга бардык шартты түзүп берүүнү “Жерүй Алтын” ЖАКы өз моюнуна алат”,- деп билдирди. Эмне дейбиз, кара терилүү легионерлер ак эмгек өтөп берет деген ише ничтебиз. Баса, эгерде акча жактан кыйналышса, ындыкаралар эмгекчил жана чыдамкай келишет дешет, фасоль жыйнап "шабашка" кылып алышса болот :)