СЪЕЗДБЕК САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО...

Ар бир адам өзүн билем деп ойлогону менен өзүнүн артыкчылыгын жана кемчилигин жакындары байкагандай байкабасы анык. Ошондуктан биздин жаш ырчы, актёр жигитибиз Съездбек Искеналиевдин кандай жигит экенин жакындан билүү үчүн аны жакшы билгендерге кайрылдык.

Өмүрлүк жубайы Жаркынай:

– Съездбегим жөнүндө сөз баштаганда эле чыгармачылык боюнча да, адам катары да ал менин кумирим десем жаңылышпайм. Съезддин үнүн, тандаган ырларын жогору баалайм. Ал эми үйдөн болсо камкор ата. Мен эч качан үйдө бир нерсе түгөнүп калат деп кам санабайм. Анткени үй тиричилигине керектүүлөрдүн бардыгын алдын-ала белендеп турат. Андан тышкары, жумуштан кеч келгенине карабастан, дайыма “эмне жардам керек?” дегени деген. Үйдө отуруп калганда колунан кызын түшүрбөйт. Атасынын боорукерлигин, камкордугун сезген кызым Даткайым ал келгени мени карабай коёт. Анын үстүнө кызы өзүнүн эле кичинекей көчүрмөсү да. Бирге отуруп ыр жазышат, ырдашат. Мен муну менен Съездди үйбүлөнүн камкор кожоюну, кызынын сүйүктүү атасы жана менин түшүнүктүү, сүйүктүү жолдошум деп айткым келет.
Съезд достукка чоң маани берет. Бир жолу үйгө сыйлуу конок келмей болуп, чоң эмерек алалы деп турсак, атын айтпай эле коёюн, бир досу акча сурап калды. Мен “бербе, конокторду тосконго даярданышыбыз керек” дегениме карабай топтогон акчаны берип салды. Ошону менен конокторду жаңы эмереги жок тостук. Кээде өзүнүн акчасы жок болсо да сурагандарга башкалардан карызга сурап берип, карызга алган жеринен өзү кутулат да, өзү берген кишиден сурай албай жүрө берет. Дагы бир нерсе, ата-энем биринчи орунга мени эмес, Съездди коюшат. Бул үчүн ата-энеме таарынбайм. Анткени Съезд да мен үчүн биринчи орунда турган адам.

Бек Борбиев:

– Чындыгында, Съездбекти мен анын күйөрмандары билгендей гана билет экем. Ал жөнүндө өзгөчө эч нерсе айта албайм. Бирок чыгармалары жакшы. Чынын айтсам, жанагы атактуу “Боз салкын” фильмин көрө албай жүрөм. Көрсөм, Съездин актёрлук шыгы бар-жогун айтат элем.

Тынчтыкбек Кожобеков:

– Съезд күжүрмөн, ишине, жашоосуна тыкан жигит. Эмне кылса да алдына койгон максатына жетет. Бирок көк бет эмес. Съезддин жүрөгү өзүндө эмес эле апасында, биртуугадарында болгондой туюлат. Биртууган дегенде тикесинен тик туруп, керек болсо алар үчүн чыгармачылыгын да таштап коюшу мүмкүн. Эгер үйүнө биртуугандары келип калса досторунун шеринесине келбей, келсе да “үйдө кишилер бар” деп кетип калат. Достор аны түшүнүү менен кабыл алабыз. Анан айткан сөзүнө өтө так. Эгер мурда “концертке катышам” деп сөз берип койгон болсо, анан ошол күнү жакын досу үйлөнүп жатса да “мен сөз бергем” деп кетип калат.
Ичинде сандыгы жок. Башкача айтканда, сыр катканды билбейт. Ичи кандай болсо, сырты да ошондой ачык. Менимче бир аз сыр ката билсе туура болсо керек. Анан шашма, анысын кээде өзү сезип калат. А бирок сөзүнөн такыр жаңылбайт. Кыскасы, тамашакөй, жөнөкөй, чыныгы эркек.

Султан Садыралиев:

– Съезд башкаларга окшошпогон кыргыздын патриот жигиттеринин бири. Кыргыздын жалаң нукура ырларын ырдайт. Турмуштун өйдө-ылдыйына жакшы туруштук бере билген жигит.

Замир Арыкбаев:

– Съездбекке ушунча көп жакшы сапаттар топтолуп калганына таң калам. Анткени анын такыр кемчилиги жок. Керек болсо өзүнүн жолуна деген акыркы акчасын сураган кишиге берип өзү жөө кете берет. Бир жолу башыма иш түшүп, карызга көп суммадагы акча сураганда ойлонбостон бере койгон. Анан ал эч качан бой көтөрбөйт. Болбосо ал качанкы жылдыз. Анын үстүнө көптөн бери популярдуулугун жоготпой бир калыпта келатат. Өтө ишенчээктик жагы бар. Эл алдында жүргөн адам болгондон кийин ар кандай маанидеги сөздөр айтылат дегендей. Съезд болсо ошонун бардыгына ишенип, чоң маани берип алат. Анан карасаң ал сөздөр үчүн көңүлү чөгүп, шылкыйып отуруп калат. Тагыраак айтканда, башкалар тамашалап ал жөнүндө бир нерсе айта койсо ишенип, тез таарынып калат. Негизинен, идеалдуу деп айта турган адамдардын катарына кошуп койсок жаңылбайбыз.

Эрнест Абдыжапаров:

– Бул жигиттин маңдайында башкаларга билинбеген жылдызы, анан да адамды өзүнө тартып турган касиети бар. Себеби, Съездбек кандай гана иш баштабасын кандайдыр бир күчтүн жардамы менен оңой эле аягына чыгып калат. “Боз салкынга” ал профессионалдуулугу үчүн эмес, жылдызы үчүн өтүп кеткен. Актёр катары укмуш деп айта албайм, бирок аракети күч. Анын үстүнө абдан өжөр жигит экен. Ошол кастинг учурунда «машина айдаганды, ат мингенди билесиңби?» десем, «ооба» деп жооп берген. Кийин экөөнү тең билбеши билинип калды. Бирок съёмка учурунда өжөрлүгү менен бардыгын өздөштүрүп кетти.
Съездбекти бир караганда ага жамандык жукпачудай туюлат.

Съездбектин кызы Даткайымдын киндик энеси Замира Молдошева:

– Чачын кырктырганы биздин салонго келгенде кыздардын бардыгынын көңүлүн ачып, күлдүрүп кетет. Кээде кечиккени гана болбосо, сөзүнө так жигит. Эч качан бирөөнү алдап кетет деп ойлобойсуң. Колунан келбесе, ачык эле ”келбейт” деп айтат. Бирок кийген кийими боюнча стилисттен кеңеш албаганы үчүн урушуп койгум келет. Буюрса, келечекте стилин өзгөртүү боюнча сунуш киргизип, аны көндүргөнгө аракет жасайм. Көбүнчө айткан сөздү укпай башка салондорго барып, чач жасалгасын буздуруп келгени ачуумду келтирет.

Неля:

– Мен сахнага келгени эң биринчи Съездбек менен таанышкам. Ошондон бери экөөбүз ага-карындаштай жакшы мамиледебиз. Чогуу иштеп жүргөндө кадимки кичинекей балдардай болуп, кубалашып, чабышып ойноп кетчүбүз. Кийин ал үйлөнгөндө аялынын курбусу болуп, Нарынга чейин барып келгем. Жакында мен турмушка чыккандан кийин анын үйүнө бардым. Ошондо анын үйбүлөсүнө кылган мамилесин көрүп абдан суктандым. Анткени азыркы учурда үйбүлөсүнө ушундай мамиле жасаган эркектер абдан аз болуш керек деп ойлойм.

Гүлмира Турманбетова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 332, 13-19-март, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан