БУТУ МЕНЕН ЧАЙ ИЧКЕН ГИМНАСТ КЫЗ

Алмаз кызы Сезим биринчи Караколдо өткөн “Даңк мүнөтү” телеберүүсүнөн таанымал болуп чыга келди. Сезимдин атасы Алмазбек кызы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Сезимдеги талант сизден же апасынан өткөнбү?
– Экөөбүздөн теңдеп айтсам туура болчудай. Апасы жаш кезинде бий ийримдерине катышып, жакшы бийлечү. Мен дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштегем. Азыр болсо айыл-чарба жумуштары менен алекпиз. Биз 4 баланы тарбиялап келе жатабыз. Сезимдин эгизи бар, аты Мээрим. Сезим 3-4 жашта өтө ийилчээк экенин байкап, ар кандай көнүгүүлөрдү үйрөтүүгө кириштим. Буттарын чоюп, менин да лыма чыгарып тик тургузчумун ошо жашында эле. Эмгегимдин акыбети кайтып, Сезим алгач айылдык «Ыр кесеге» катышып, кийин райондук кароо-сынакка катышса, 2011-жылы Караколдо өткөн «Даңк мүнөтүндө» Гран-прини утуп алды.

– Сезимдин түгөйү Мээрим дагы бийге кызыгабы?
– Бийге кызыкканы менен, гимнастикага шыгы жок.

– Сезим жасаган трюктарды өзүңүз ойлоп чыгарасызбы?
– Ойлоп чыгарып алабыз, көбүнчө сыналгыдан көргөнүбүздү кылдаттык менен туурап жасайбыз.

– Чет өлкөдөн чакыруу келип жатканын уктук...
– Ооба, Англияда өтө турган сынакка чакыруу келди. Биз Сезимдин видеолорун интернетке таратканбыз. Ошондон көрүп чакырышкан экен. Тилекке каршы, чакырууну сынакка бир жума калганда гана колубузга алдык. Чакыруу колубузга убагында тийгенде аракет кылып бармакпыз. Аз убакытта Англияга жол кире табуу кыйын болду.

– Эч кимге кайрылып жардам сураган жоксуздарбы?
– Каракол шаарынын губернатору 500 доллар жардам берген, бирок виза ачтырабыз деп жүрүп, убакыттан уттуруп койдук. 8-апрелде Жаштар министрлиги уюштурган Каракол шаарында болуп өткөн «Кыргызстан – менин таланттарым» деген чоң сынактын 1-турунан өтүп, азыр 2-туруна кызуу даярданып жатабыз.

Айзат Анарбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Gulzhan
2012-05-21 17:14:51
Азаматсын Сезим,кыргыз элин дуйного тааныткан кыздардан бол.
0
wwwsilk
2012-05-23 10:52:41
Молодец!!!
0
nelli
2012-05-23 13:37:48
azamat!
0
aijash1
2012-05-25 22:37:10
сонун онорун оркундосун
0
Kroxa
2012-05-30 11:39:39
сезимка ийгилик сага!!!
0
№ 498, 18-май-24-май, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан